12+ Биз менен бирге ѳсүп келе жатканыӊызга рахмат. Туулган күнүӊ менен, Ошка!

03.03.2021

Дал ушул күнү, 2009-жылдын 3-мартында, Кыргызстанда жаӊы жана чындап эле драйвдуу мобилдик байланыш оператору коммерциялык иштетүүгѳ киргизилген. Бүгүн О! Мобилдик операторунун туулган күнү! Байланыш оператору 12 жашка чыкты!

Биз дагы бир жылга чоӊоюп, күчүбүз менен акылыбыз да артты

2020-жыл COVID-19 пандемиясынын таасири менен ѳттү. Илдет бүтүндѳй адам баласы үчүн чоӊ сыноо жаратты: кѳп кишлерге кайгы-муӊ алып келди, «ЧЕЙИН» жана «КИЙИНдин» ортосунда чек ѳткѳрүп, ар бирибиздин жашообузду түп-тамыры менен ѳзгѳрттү. Биздин жалпы командабыз дагы бул оор сыноону жеӊип чыгуу үчүн колунан келген күч-аракетин жумшады.

Быйыл биз чектѳѳлѳргѳ карабастан, бири-бирибизге мурдагыдан да жакыныраак болуп калдык, түшүнгѳндү жана колдогонду, жардамга муктаждарга кол сунганды жана бири-бирибизди алыстан сезгенди үйрѳндүк. Адамгерчилик менен кайраттуулуктун эӊ мыкты мисалдарына күбѳ болдук, жана бул баалуулукту биз мындан ары дагы сактайбыз.

Биз жеӊдик! 

2020-жыл бизге «удаленка», «аралыктан иштѳѳ же окуу», маршруттук баракча, комендатура, беткап сыяктуу жаӊы түшүнүктѳр менен чакырыктарды алып келди. «Жаӊы реалдуулук» менен Ѳзгѳчѳ кырдаал режими Call-борборлор менен тейлѳѳ кеӊселеринин кызматкерлеринин жумушка жетүүсү, аларды коркунучтардан коргоо, күн сайын атайы ырастоолорду аткарып турууну талап кылган жана мурда болуп кѳрбѳгѳндѳй жүктѳмгѳ дуушар болгон жабдууга убагында жетип баруу боюнча маселелерди жаӊыча чечүүгѳ аргасыз кылды.

Ѳлкѳбүзгѳ жардам

Аралыктан окуунун алкагында мектеп окуучулары менен мугалимдер үчүн атайы тарифтерди жана «Мой О!» тиркемесинен бѳлүмдѳрдү иштеп чыгууга саналуу гана күндѳр талап кылынды. Медиктер, милиция, ѲКМ жана COVID-19 менен күрѳшкѳн башка кызматтар үчүн атайы тарифтер түзүлүп, карантин учурунда жүз миӊдеген О! абоненттерине акысыз берилди.

1080x814_kg.pngОбучение 2.jpg

Ѳлкѳ боюнча жүздѳгѳн кызматкерлерибиз абоненттерди аралыктан массалык каттоо ишине тартылып, күнү-түнү тынбай эмгектеништи. Ар бир ооруканадан медиктердин тизмелери алынып, акысыз SIM-карталар жеткирилип жатты.

Жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашкан 8 000ден кѳп азык-түлүк топтомдорун колдон колго тапшырып жатканда миӊдеген ыраазы болгон жүздѳрдү кѳрдүк, биз үчүн абдан кымбат жылуу сѳздѳрдү уктук. 

Гумпомощь О! 1.jpgГумпомощь О! 2.jpg

Гумпомощь О! 4.jpgГумпомощь О! 5.jpgГумпомощь О! 3.jpg

О! Call-борборунун жигиттери 1227 линиясы аркылуу жардамга муктаждардан ѳтүнмѳ алуу боюнча жаӊы системаны ѳз алдынча түзүп чыгып, ишке киргизишти. Ал аркылуу 200 миӊге жакын ѳтүнмѳ кабыл алынып, COVID-19 менен күрѳшүү боюнча жардам штабына тапшырылды.

Колцентр О! (3).jpgКолцентр О! (1).jpgКолцентр О! (2).jpg

Медиктерге оор абалдагы бейтаптардын ѳмүрүн сактап калууга жардам берүү максатында 70 кычкылтек концентраторун сатып алып, ооруканаларга тапшырдык. Милиция жана ѲКМге телефондорду бердик, ѳзүн ѳзү диагностикалоо боюнча 118 түз байланыш кызматын смартфондор менен камсыздадык, дагы башка кѳптѳгѳн жардамдашуу демилгелерин ишке ашырдык.

Концентраторы О! (1).jpgКонцентраторы О! (2).jpgКонцентраторы О! (3).jpg

Сүйүктүү ишине жан-дили менен берилгенин, кесипкѳйлүгүн жана стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алууга жѳндѳмдүү экенин далилдей алган компаниянын жамаатына ѳзгѳчѳ ыраазычылык билдиребиз.

Эч нерсеге карабастан, чек аралар жабык, валютанын курсу туруксуз жана башка ар кандай чектѳѳлѳр коюлган шарттарда биз түйүнүбүздү куруп, аны ѳркүндѳтүүнү улантып жаттык. Бир жылдын ичинде О! Мобилдик операторунун 4G/LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу дээрлик 1,5 эсе (!) кѳбѳйдү. Натыйжада жүктѳмдүн жана трафикти керектѳѳнүн эӊ жогорку чектерине туруштук бере алдык. О! Кыргызстандын аймагында 4G/LTE камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер бойдон калууда. 4G/LTE кызматтарынын камтуусунун кѳрсѳткүчү – ѳлкѳ калкынын 98%нан кѳбү.

О! мамлекеттик казынага салыктык чегерүүлѳр боюнча бардык милдеттерин толук аткаруу менен телеком-секторунда ири салык тѳлѳѳчү макамын сактап келе жатат.

Пландарыбызда дагы кѳптѳгѳн кѳрүнүктүү жана глобалдуу долбоорлорду ишке ашыруу, абоненттер үчүн укмуштуудай сонун белектер менен сюрприздер, жана албетте сиздерге сапаттуу кызматтар менен жагымдуу сервис тартуулаган жүздѳгѳн адистерибиздин күнүмдүк жумушу каралган.

Биз менен бирге ѳсүп, ѳнүккѳнүӊүздѳр үчүн рахмат.

Сиздер үчүн, урматтуу биздин абоненттерибиз, эӊ мыкты мобилдик оператор болуу аракетинде алдыга карай жыла бермекчибиз!


Тизмеге кайтуу