Инновациялардын, ишенимдин жана жакшы көрүүнүн 11 жылы! О! Мобилдик оператору туулган күнүн белгилеп жатат

03.03.2020

Урматтуу О! абоненттери, өнөктөштөр, кымбаттуу достор!

Бүгүн О! Мобилдик оператору туулган күнүн белгилеп жатат.

Туура 11 жылдан бери биз миллиондогон кишилерди бириктиребиз, миңдеген суроолорду чечүүгө жардам беребиз, сиздер менен бирге өлкөбүздү, Кыргызстаныбызды мыкты кылууга аракет жасап, өнүгүп жатабыз, тез жана ыкчам өсүүдөбүз!

Бирок мунун баары сиздердин ишеним болбогондо эч маанисиз болмок.

О! компаниясынын ар бир кызматкери үчүн сиздин ишенимиңиз – бизди жаңы пайдалуу сервистерди ойлоп табууга, алдыңкы кызматтарды ишке киргизүүгө, күн сайын жаңы түйүндү курууга жана сиздер үчүн аны мүмкүнчүлүктөр менен толуктоого шыктандырат.

Ыракмат! Биз үчүн Кыргызстандын №1 мобилдик оператору бойдон калуу абдан маанилүү. Биз бүгүн 3 миллион болдук! Жана ар дайым биз жаныңыздардабыз.

Биздин 104 O!Store дүкөндөрүбүз маселелерди чечүүгө даяр, бүт өлкө боюнча миңдеген фирмалык терминалдар балансты комиссиясыз толуктоо мүмкүнчүлүгүн беришет.

Отчет для СМИ_кг-02.png  Отчет для СМИ_кг-01.png

Биз мобилдик байланышсыз өткөн бир күндү да элестетүүгө мүмкүн болбой турган санариптик доордо бул кандай жоопкерчилик экендигин түшүнөбүз. Ошондуктан, сиздин күтүүлөрүңүзгө шайкеш келүү үчүн аракет кылуудабыз. Бүгүн өлкөнүн 97%ынан ашуун тургуну(же 6 миллиондон ашуун кыргызстандыктар), кичи шаарлар менен алыскы айылдарда жашагандар дагы О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнө кирүү мүмкүнчүлүгунө ээ. Биз кыргызстандыктардын кайсы жерде жашагандыгына карабастан эң жаңы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш керектигине ишенебиз.

Өткөн жылы биз байланыштын сапаты жана интернеттин ылдамдыгы боюнча маселелерде чоң секирик жасадык. 2020-жылга карата Интернетти тестирлөө жана анализ тармагындагы дүйнөлүк лидер болгон Ookla компаниясынын көз карандысыз анализинин натыйжасында О! Мобилдик оператору Кыргызстандагы эң ылдам мобилдик түйүн болуп таанылды.

Новости-1080х814-кг (2).png  eSIM-1080x814-kg.png

Келечекти жакындатуу менен биз бир кадам алдыда жүрүүгө ашыгабыз. Алгач биз иннвоациялык «Акылдуу түзүлүш» тарифин түздүк, ал эми 2020-жылдан башында эң маанилүү жаңылыкты ишке ашырдык – келечектин eSIM технологиясын ишке киргиздик. 18-февралда О! абоненттери бул технологияны текшерип көрө алышты.

Муну менен катар, биз балдарга кам көрүү боюнча пайдалуу технологиялык чечимдерди O! Safe Kids тиркемесинде сунуштадык. Бул бир эле учурда таймер дагы, күзөтчү дагы, навигатор дагы, толкундоо үчүн себеп бар болсо датчик дагы болуп берет.

Биз сиздердин каалоолоруңуздарды изилдедик жана кулак салдык. Үй-бүлө үчүн байланыш 2 эсе арзан болуп, интернет күн менен түнгө бөлүнбөстөн, БААРЫ чексиз болуп калды, төлөөнүн мөөнөтү да ыңгайлуу болуп калды – 30 күн, ал эми миңдеген абоненттер болгону 45 сомго 10 ГИГАБАЙТ интернетке ээ болгон мурун болуп көрбөгөн акцияга катышышты!

Отчет для СМИ_кг-03.png  Отчет для СМИ_кг-04.png

O!TV тиркемеси дагы колдонуучуларын жаңы каналдары менен кубантты, алардын ичине атактуу UFC ТВ дагы кирди. Бүт дүйнө менен бирге «Игра престолов» сериалы сыяктуу культтук премьераларды да көрүшүңүздөргө болгон мүмкүнчүлүктөр жумшалды. O!TV тиркемесинин «Кыргызстандагы көңүл ачуулар үчүн №1 мобилдик тиркеме» болушуна сиздер гана түрткү бердиңиздер, биз аны жаңы «фишкалар» жана сервистер менен жакшыртып келе жатабыз. Жакында эле START менен эң мыкты россиялык фильмдер жана сериалдар кошулду.

Сиздер үчүн күн өткөн сайын «Мой О!» тиркемесин да жакшыртып жатабыз, анын жардамы менен өзүңүздүн гана эмес, жакындарыңыздын да номерлерин оңой башкарса болот: тарифтик планды өзгөртүү, кызматтарды кошуу жана өчүрүү, 200дөн ашуун сервистерди төлөө, жол айыппулдарын төлөө, кредиттерди, арзандатууларды алуу, банктык карталарды кошуп алуу, ошондой эле суроолорго жооп алуу – башкача айтканда мурун call-борборго чалып чечип алуучу бардык нерселерди аткаруу.

Отчет для СМИ_кг-05.png  2.png

Сиздердин убакыттын да баркын билебиз, ошондуктан смартфонду кредитке жана бөлүп төлөөгө сатып алуу процессин жөнөкөйлөттүк. Эми смартфонду үйдө отуруп эле кредитке онлайн сатып алса болот, кеңсеге болсо смартфонду алып кеткенге жана керектүү документтерге кол коюу үчүн бир гана жолу келесиз. Мал чарбаларынын ээлери үчүн да кредиттердин өзгөчө шарттарын карап чыктык. Эми кеңседен тышкары эмгектенгендер жана мурун иштеген жеринен маалымкат алып келе албагандар дагы смартфонду кредитке жолжоболоштура алышат.

Булардын баары бир жылдын ичинде биз аткарган иштердин эң аз бөлүгү эле.

Биз FacebookInstagram,  «Одноклассники», «ВКонтакте»YouTube же Twitter баракчаларында жүз миңдеген суроолоруңуздарга жооп берип, күнү-түнү сиздер менен байланыштабыз.

Отчет для СМИ_кг-06.png  Отчет для СМИ_кг-07.png

Сиздер 7 миллион жолу жылмайдыңыздар! Ушунча ирет маанайыңыздарды көтөрүү үчүн биз даярдаган вайндарды көрдүңүздөр. Биз ондогон акцияларды өткөрдүк, бүт өлкө боюнча миңдеген чакырым жүрдүк, сиздерге жүздөгөн смартфондорду, винглдерди жана балдарга шариктерди тартууладык.

Компаниянын ишинин негизги багытын өнүктүрүү менен бирге, биз коомдук иштерге да активдүү катышып келебиз. Биз эң ири «КИТ-2019» IT-окуясынын башкы өнөктөшү болдук. PROMZONA.space клубу менен бирге 2019-жылдын 29-июнунда легендарлуу «ДДТ» тобунун концертине барган миңдеген бишкектиктерге музыкалык белек тартууладык. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тургундары 26-апрель күнү Ош шаарында Rauf&Faik тобунун акысыз концертин көрүштү. Кыргызстандагы компьютердик спорт федерациясы менен биргеликте байге фонду 300 миң сомду түзгөн Dota2 дисциплинасы боюнча Bishkek Stars League 8 кибертурнирин өткөрдүк, турнирден шыктануу алдык да, атайын GAMER тарифин түздүк. Ошондой эле Ак-Өргө жаңы конушундагы №77 мектебинин короосуна бак отургуздук.

Отчет для СМИ_кг-08.png  Отчет для СМИ_кг-09.png

Отчет для СМИ_кг-11.png  16.JPG

Биздин Кыргызстандын санариптештирүүсүнө кошкон салымыбыз. Биз программалык камсыздоону, ыңгайлуу онлайн-сервистерди өндүрөбүз, санариптик кызматтарга оңой жана жеңил кирүүнү камсыздайбыз. Мындан тышкары, биз Контакт-борбордун базасында нөлдөн баштап курган коворкингде жаш IT-адистердин өнүгүп өсүшүнө жардам беребиз.

Отчет для СМИ_кг-10.png

Ар бириңиздер бизди мыкты болууга шыктандырасыздар. Кубанычка, суктанууга, шаттыкка, жеңиштерге, жылмаюуларга, эң назик жана жүрөктү козгогон учурларга толгон 11 жыл – бүт ушул жолду биз сиздер менен БИРГЕ бастык!

Биз менен болгонуңуздар үчүн ыракмат.

Урматтоо менен, сиздин Ошка!

 

 


Тизмеге кайтуу