2 ГБ, 4 ГБ, 6 ГБ

2 ГБ, 4 ГБ, 6 ГБ

Подберите себе удобный интернет пакет!

Каалаган көлөмдөгү интернет-пакетин кошуп алыңыз да жогорку алдымдыктагы интернет менен колдонуңуз!

Тандаңыз 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ

  • Каалаган көлөмдөгү интернет-пакетин кошууга мүмкүнчүлүк.

  • Кайсы интернет-пакетти кошпоңуз , баары бир 1390 сомдон көп акыланбайт.

    Кызматтын баасы
    2 ГБ                          

     190 сом             

    4 ГБ

     450 сом             

    6 ГБ

     850 сом             

    Көрсөтүлгөн трафиктен көп колдонуу учурда, 1 МБ үчүн 0,25 сом акыланат
    Баалар КНС эске алып, СС эске алынбай көрсөтүлдү
    Толук маалымат
    Условия предоставления услуг
    • Кызматты кошуу «Интернет+» тарифтик планында тейленген  Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында  жүргөн абоненттер үчүн жеткиликтүү.
    • 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматтарынын чегинде маалыматтарды өткөрүү кызматы абонент кандай түйүндө - 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ тургандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеткиликтүү.
    • Кызматтардын 30 күндүк абоненттик төлөмү : 2 ГБ - 190 сом, 4 ГБ - 450 сом, 6 ГБ - 850 сом. Баалар бардык салыктар менен көрсөтүлдү.
    • Кызмат активдештирилген учурдан же кызматтын иштөөсү улам узартылган учурдан тартып ар бир 30 күн сайын автоматтык түрдө узартылып турат. Абоненттин эсебинен 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматын пайдалангандыгы үчүн кийинки 30 күнгө активдештирүү үчүн төлөм автоматтык түрдө алынып турат.
    • Эгер абонент 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматынын шарттары менен каралган мобилдик интернеттин пакетин пайдаланып бүтсө, 1Мб мобилдик интернеттин андан наркы баасы болгону 0,25 сомду түзөт.
    • 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ  кызматы жана кошумча интернет-трафик үчүн эсептөөлөрдүн  суммардык көлөмү 1390 сомго жеткенде, кызматтын кезектеги иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин абонент мобилдик интернетти бир мегабайт үчүн баасы 0 сомдон пайдалана алат. 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматы жана пакеттин баштапкы көлөмүнөн ашкан интернет-трафик үчүн төлөмдүн максималдуу суммасы каалаган санда жүктөлгөн мегабайттар үчүн 30 күндө 1390 сомду түзөт.
    • Эгер абонент 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматына кошулуп турган болсо, «Чексиз4G», «4 ГБ», «6 ГБ» кызматтарына кошулуу мүмкүн. Мында «2 ГБ» кызматынын шарттары өчүрүлөт жана туташтырылган «Чексиз4G», «4 ГБ», «6 ГБ» кызматынын жаңы шарттары иштеп баштайт. «2 ГБ» кызматынын чегинде колдонулбаган интернет-трафик күйүп кетет.
    • Балансты текшерүү, кызматты башкаруу абоненттин өздүк кабинетинде иштейт. Өздүк кабинетке кирүү тарифтештирилбейт жана каалаган баланста, ошондой эле «2 ГБ» кызматы азыркы учурда активдүү же активдүү эмес экендигине карабастан ачык болот. 
    • Активдештирүү учурунан же кызматтын кийинки иштөө мөөнөтүн узарткан учурдан 30 күн өткөндөн кийин абоненттин эсебинде зарыл болгон көлөмүндөгү сумма жок болсо, 2 ГБ, 4 ГБ же 6 ГБ кызматы өчүрүлөт жана маалыматтарды берүү тарификациясы «Интернет+» тарифтик планынын шарттарынын чегинде жүргүзүлөт. Абоненттин эсебине абоненттик төлөмгө барабар сумма түшөөрү менен, абоненттин эсебинен активдештирүү үчүн төлөм автоматтык түрдө алынып турат жана кызматтын иштөөсү кийинки  30 күнгө узартылат.