Кайдасың?


«Кайдасың?» кызматы менен Сиз жакындарыңыз жана досторуңуз кайда экенин билип турасыз!

Досуңуздун же жакыныңыздын кайда жүргөнүн ар убак билип туруу үчүн андан болгону издөөгө бир жолу уруксат алышыңыз керек.

  • Кызматты активдешитүү О!нун бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү

  • Кызматты биринчи жолу кошуу – акысыз

Биринчи жолу кошкондо алгачкы 10 күн бою «Акысыз мезгил» - абоненттик төлөмсүз берилет.

Абоненттик төлөм суткасына: 3 сом 

Кошуу буйрутмасы:  788#
Подробно об услуге
  • Кызматты биринчи жолу кошуу – акысыз, экинчи жана андан кийинки кошуулар – 20 сом;
  • Кызматты биринчи жолу кошкондо «Акысыз мезгил» берилет, ал учурда абоненттик төлөм алынбайт, абоненттин жүргөн жерин аныктоого сурамдар тарифтелинбейт. «Акысыз мезгилдин» иштөө мөөнөтү 10 күн. «Акысыз мезгилдин» иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин абонент автоматтык түрдө «Акысыз мезгилдин» өтөт;
  • Абоненттердин жүргөн жерин аныктоого акысыз сурамдардын күнүмдүк чеги – күнүнө 5 даана;
  • Күнүмдүк чектен ашкандан кийин сурамдын баасы – 2 сом;
  • 7888 кыска номерине SMS жөнөтүүнүн баасы – 0 сом;
  • Абоненттин жүргөн жери жөнүндө маалымат бар gdety.o.kg картасына кирүү тарифтештирилбейт;
  • Бардык баалар КНС кошуп, ССсиз көрсөтүлдү.
Как пользоваться
Кошуу

Кызматты кошуу үчүн USSD-буйрутмасын *788# терип, кызматка жазылуу керек;

Абоненттин жүргөн жерин аныктоого уруксат берүүнү суроо

Ар бир абоненттен анын жүргөн жерин аныктоого уруксат алуу керек. *788# USSD –менюдагы «Номер кошуу» пунктун тандап, абоненттин номерин 070YXXXXXX форматында киргизүү керек;

Көңүл буруңуз! Номерди кошууга сурамды бир жолу гана жөнөтүүгө болот;

Абоненттин жүргөн жерин аныктоого уруксат берүү

Сиз ага сурам жөнөткөн Абонент анын жүргөн жерин билгиңиз келгендиги жөнүндө маалыматы бар SMS-билдирүү алат. Муну ырастоо үчүн абонент 070YXXXXXX форматында сурам жөнөткөн абонентке номери бар SMS-билдирүүнү жооп катары жөнөтүшү керек. Эгер абонентке сурам келип, ал анын жүргөн жерин аныктоого уруксат берүүнү каалабаса, SMS-билдирүүнү тоготопой коюусу гана жетиштүү. Өз жүргөн жерин жооп катары жөнөтүлүүчү SMS-билдирүү аркылуу уруксат берүү акысыз жана өзүнөн кийин кызматты кошууга алып келбейт. Эгер абонент SMS-билдирүүнү тоготпой койсо, абонент-демилгечи анын жүргөн жерин аныктоого кайра сурам жөнөтө албайт. Эгер абонент жүргөн жерин аныктоого уруксат берүүнү кааласа, уруксат берүүнү сурап жаткан абоненттин номери бар SMS-билдирүүнү 7888 кыска номерине жөнөтүү керек;

Жүргөн жерин аныктоо

Абоненттин жүргөн жерин аныктоо үчүн *788# USSD-менюсундагы «Кайдасың?» пунктундагы жүргөн жерин аныктоого уруксат берген номерлердин тизмесинин ичинен абоненттин номерин тандап, издөөгө сурам жөнөтүү керек. Абоненттин жүргөн жери жөнүндө маалымат жооп катарындагы SMS-билдирүүдө келет, анда жакынкы көчөлөрдүн кесилиши жана картага шилтеме көрсөтүлөт;

Сутка ичиндеги жөнөтүлгөн сурамдардын санын текшерүү

Сутка ичинде жөнөтүлгөн сурамдардын санын текшерүү үчүн *788# USSD-менюсундагы «Башкаруу» пунктун, андан кийин «Маалыматты» жана «Эсептегичти» тандоо керек. Суткадагы жөнөтүлгөн сурамдардын саны жөнүндө маалымат жооп катарында SMS-билдирүүдө келет;

Менин тизмем

Жүргөн жерин аныктоого уруксат берген номерлердин тизмесин көрүү үчүн *788# USSD-менюдагы «Менин тизмем» пунктун тандоо керек;

Кайда экеним көрүшөт

Жүргөн жериңизди аныктоого уруксат берген абоненттердин тизмегин көрүү үчүн *788# USSD-менюдагы «Кайда экеним көрүнөт» пунктун тандоо керек. Тизмеден абонентти өчүрүү менен жүргөн жериңизди көрүүгө тыюу салуу үчүн ошол абоненттин тапдап, «Өчүрүү» пунктун басуу керек;

Өчүрүү

Кызматты өчүрүү үчүн *788# USSD-менюдагы «Башкаруу» пунктун, андан кийин «Деактивдештирүү» пунктун тандоо керек;

Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет.

Кошумча маалымат:

  • Абоненттердин шаарларда жүргөн жеринин аныктоонун тактыгы 100 дөн 700 метрге чейин, айылдарда 250 м ден 3 км чейин, трассаларда 1 км ден 25 км чейин (калктуу конуштар жок жерлерде) түзөт;
  • Жүргөн жерин аныктоого сурам абонент-демилгечиге сураган маалыматы бар билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин аткарылды деп эсептелет;
  • Эгер абонент өчүк же түйүн камтыбаган аймактарда жүргөн болсо – анын учурда жүргөн жери жөнүндө маалымат абонент-демилгечиге берилбейт. мындай учурда сурам ийгиликтүү эмес болду деп эсептелип, жалпы күнүмдүк чектөөгө эсептелбейт;
  • «Кайдасың?» кызматы кошулбаган абонент жүргөн жерин аныктоого уруксат берген абоненттердин номерлерин *788*1# USSD-менюсу аркылуу көрүп жана өчүрө алат.