Көп берилчү суроолор

«О!»нун 3G/4G түйүнүндө туташуу ылдамдыгы кандай?

Баары Сиздин түзүлүштөн көз каранды.

  • 3G түйүнү менен  жүктөө ылдамдыгы  42,2 Мбит/сек чейин жетет.

  • Түзүлүш HSDPA; HSPA; UMTS; W – CDMA стандарттарын көтөрүшү керек.

  •  4G түйүнү менен  жүктөө ылдамдыгы   150 Мбит/сек чейин жетет.

  • Түзүлүш  2600 МГц (Band 7 же  диапазон 7) жана  800 МГц (Band 20) жыштыгын көтөрүшү керек.

Өз телефонуңуздун же модемиңиздин техникалык мүмкүндүктөрүн Сиз өндүрүүчүдөн тактай аласыз. 


Телефондо 3G түйүнүн актвдештирүү

  • 3G активдештирүү үчүн настройки сети кирип, WCDMA, UMTS же автоматический режим тандоо керек. 

  • Мобилдик интернеттин тууралоолору туура болушу зарыл. 


Балансты кантип толтуруу керек?

  • Кайдан комиссиясыз толтурууга болот?

О! мобилдик операторунун абоненттери мобилдик эсепти  компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселеринен, төлөм карталарын колдонуу менен жана "Бишкекпочтасынын" жакынкы бөлүмдөрүнөн акысыз толтура алышат. 

  • О! төлөм карталарын жүктөө

О! түйүнү өз абоненттерине өз балансын же жакындарынын жана досторунун балансын толтуруу үчүн төлөм карталарын колдонууну сунуш кылат. Төлөм карталары үч номиналда: 25 сом, 50 сом, 100 сом сунушталды.

Жашыруун коддун корголгон катмарын кылдат сүртүңүз.

Мобилдик телефонуңуздан 

*101*төлөм картасынын 16 цифралуу жашыруун коду#  териңиз. 

Сиз картаны ийгиликтүү жүктөгөндөн кийин, телефонуңуздун балансы толтурулгандыгы жөнүндө Сиздин баланска келип түшкөн сумманы көрсөтүү менен билдирүү аласыз. Төлөм картасын жүктөгөндө, балансыңызна картанын номиналына барабар сумма түшөт. 

  • О! түйүнүнүн башка абонентине төлөм картасын жүктөө

Өз телефонуңуздан О! түйүнүндөгү каалаган абоненттин балансына төлөм картасын жүктөй аласыз. Бул үчүн кийинки тейлөө командасын терүү керек:

*101* төлөм картасынын 16 цифралуу жашыруун коду*абоненттин 070ХХХХХХХ форматындагы телефон номуру#.. 


Төлөөдө ката кетиргенде эмне кылуу керек?

  • Балансты толтурууда туура эмес номерди көрсөтсөңүз, төлөөнү ырастоочу документтер менен (чек, квитанция) тейлөө кеңсесине кайрылыңыз.

  • Сиздин арыз 2 күндүн ичинде каралат. Оң чечилсе, жаңылып төлөнгөн сумма сиз арызда көрсөткөн абоненттин туура номерине которулат.

  • Компания каражаттарды толугу менен кайтарууга кепилдик бербейт, себеби башка абонент аларды толугу менен же жарым-жартылай коротуп коюушу мүмкүн.  Түзөтүү сиз анын эсебине төлөмдү жаңылышып которгон абоненттин балансындагы сумманын чегинде бир жолу гана жүргүзүлөт. 



PIN же PUK-кодду калыбына келтирүү

SIM-картанын PIN же PUK-коддун жоготуп алганда Сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылыңыз же маалымат алуу-сурап билүү кызматына 707 номери боюнча чалыңыз (О! түйүнүнүн бардык абоненттери үчүн мобилдик телефондон чалуу акысыз)

 

 Сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылганда:

  • Телефон номерин, фамилиясын, атын жана атасынын атын маалымдашы керек.

  • Өзүн ырастаган документти көрсөтүшү керек.

Маалымат алуу-сурап билүү кызматына чалганда:

  • Телефон номерин, SIM-картанын ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын жана
  • Кодду сөздү айтышы керек.

PUK-кодду 10 жолу туура эмес киргизгенде, абоненттерди тейлөө жана сатуу кеңсесине SIM-караны калыбына келтирүү үчүн кайрылуу керек. 


SIM-картаны «О!» мобилдик операторунун номерин сактоо менен калыбына келтирүү

  • SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн компаниясынын сатуу жана тейлөө кеңселерине кайрылуу керек. 

  • Жаныңызда өзүңүздү ырастаган документти ала келүү зарыл. 


Чалууну башка дарекке бурууну кантип орнотуу керек?

«Башка дарекке буруу» кызматы менен сиз бардык кирүүчү чалууларды каалаган телефонго – мобилдик, шаардык, шаар аралык же эл аралык телефонго даректөөгө болот.

Эгер сиз телефонуңузду үйгө унутуп калсаңыз же анын батареясы отуруп калса, сиз бир да чалуунун кое бербейсиз. Сиз чалууларды башка дарекке бурууну телефондун менюсу аркылуу же атайын буйрутмалардын жардамы менен тууралай аласыз:

Чалууларды башка дарекке буруунун түрлөрү:

  • Бардык кирүүчү чалуулар

  • Абоненттин   аппараты өчүк болсо

  • Абоненттин аппараты түйүн иштебеген аймакта болсо;

  • Абонент (5, 10, 15, 20, 25, 30 секунда) ичинде жооп бербесе;

  • Абоненттин аппараты бош эмес болсо;

  • Башка дарекке бурууда көрсөтүлө турган номердин форматы:

  • КР  түйүндөрү үчүн 10 маанилүү форматта (0700123456) же эл аралык форматта  (+996700123456)

  • КР чегинен тышкаркы түйүндөр үчүн эл аралык форматта гана (+19161234567…) 

Сиз дайыма кызматтын статусунун абалын бул кызмат күйүкпү же жокпу текшере аласыз, эгер ооба болсо, мындай номерге бардык кирүүчү чалуулар бурулат. Ошондой эле чалууларды башка дарекке бурууну өчүрө аласыз.


Кыска номерге SMS жөнөтүүнүн баасын кантип текшерүүгө болот?

Уюлдук байланышка чыгымдарды контролдоңуз. Жыңы кызматтын жардамы аркылуу Сиз дайыма кыска номерге SMS жөнөтүүнүн баасын текшере аласыз.

Баасын текшерүү үчүн *122*кыска номер# буйрутмасын басыңыз.

Сурамдын баасы – 0,99 сом, КНС эске алып, СС кошпогондо.

Сурамдарды тийишүү номерлерге жөнөтүңүз, себеби ар бир жөнөтүлгөн сурам үчүн төлөм алынат.