Уюлдук эмгек акы!

Уюлдук эмгек акы!

Кирүүчү чалуулар үчүн бонустук каражат!
«Уюлдук эмгек акы!» кызматы менен жөн гана акчаны үнөмдөө эмес, акча тапса дагы болот! «Уюлдук эмгек акы!» кызматы менен бирге башка уюлдук операторлордун абоненттеринен чалууларды кабыл алып балансыңызды толтурсаңыз болот.

Абоненттик төлөм:  күнүнө 1,99 сом

Кошулуу буйрутмасы:  733#
Толук маалымат
Кызматты колдонуу шарттары  
  • «Уюлдук эмгек акы!» кызматы «Оңой!», «ОК!», «Сонун!», «Шок!», «Алло!», «Один!», «Бардыгы кошулуп!», «Интернет!» тарифтик пландарында тейленген абоненттерге жеткиликтүү.
  • «Уюлдук эмгек акы!» кызматына кошулуу акысы - 0 сом.
  • Күндөлүк абоненттик төлөм –  1,99 сом. Абоненттик төлөмдү алуу мөөнөтү күндө 00:00 саатта аткарылып турат. Активдештиргенден кийин биринчи үч күндө абоненттик акы алынбайт. Эгерде абонеттин балансында күндөлүк абоненттик төлөмдү аткарууга каражат жетишсиз болсо, кызматтын иши токтой турат.   
  • «Уюлдук эмгек акы!» кызматынын иши токтотулган болсо, Кыргыз Республикасынын (КР) башка уюлдук операторлордун номерлеринен чалууларды кабыл алуу менен абонент балансын толтура албайт. Абонентте керектүү каражат пайда болоору менен абоненттик төлөм алынып, ошол учурдан тартып «Уюлдук эмгек акы!» кызматы иштеп баштайт.
  • «Уюлдук эмгек акы!» кызматынын шарттары боюнча бир маектин чегинде  ар бир 60 секунд сайын КРсынын башка уюлдук операторлорунун («Альфа Телеком» ЖАК - «Мегаком» бренди, «Скай Мобайл» АКБ - «Билайн» бренди) номерлеринен абоненттин эсебине 1 сом бонустук акча каражаты түшүп турат.  

     Мисалы: 

- эгер абонент Мегаком абонентинен 55 секундду тузгөн чалууну кабыл алса, анда бонустук акча каражаты абоненттин эсебине түшпөйт  

- эгерде абонент Мегаком абонентинен 4 мүнөт 35 секундду түзгөн чалууну кабыл алса, анда абоненттин эсебине 4 сом бонустук акча каражаты түшөт    

  • Эгерде абонент «Уюлдук эмгек акы!» кызматына кошулган болсо, анда «Супер нөл!» кызматына кошулуу мүмкүн эмес. Ошондой эле, абонент «Супер нөл!» кызматына кошулган болсо, анда «Уюлдук эмгек акы!» кызматына кошулуу мүмкүн эмес.   
  • Эгер абонент «Уюлдук эмгек акы!» кызматына кошулуп туруп тарифтик планын  «Оңой!», «Сонун!», «ОК!», «Шок!», «Алло!», «Один!», «Бардыгы кошулуп!», «Интернет!» тарифтик пландарынын бирине алмаштырган болсо, кызматтын иши сакталат. 
  • Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет. 
  • Бардык баалар КНС эсепке алуу менен, ССсыз көрсөтүлгөн.
Кызматка кошулуу - *733#
Кызматтын абалын текшерүү - *733*9#
Кызматты өчүрүү - *733*0#