Smart Unlim белекке

Smart Unlim белекке

Сенин смартфонуң үчүн сонун чечим!
  • Жогорку ылдамдыктагы 4 ГБ интернет, андан кийин чексиз интернет
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
Абоненттик төлөм: 990 сом

Кошуу буйрутмасы:   088абоненттин номери#

Баасы жана тарифтештирүү:
 Абоненттик төлөм 30 күн  990 сом
 Мобилдик интернет  Чексиз
 Акысыз интернет-топтом  4 ГБ  
 Интернет 4 ГБ жогору  0 сом/Мб
 О! түйүнүндө чалуулар  Акысыз
 КР башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар   4,29 сом/мүн
 КР белгиленген байланыш номерлерине чалуулар  5,99 сом/ мүн
 О! номерлерине SMS  Акысыз
 КР башка операторлорунун номерлерине SMS  1,50 сом

Чалууларды тарифтештирүү кадамы 10 секунда.

«SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифине которуу баасы 29,99 сомду түзөт.

«SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифинин чегинде алгачкы 4 ГБ интернет тарифке кошулган же тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөм автоматтык түрдө алынгандан кийин мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Эгер абонент трафиктин жогоруда көрсөтүлгөн көлөмүнөн ашык колдонсо, анда суткадагы алгачкы 1,5 ГБ мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет, аларды сарптагандан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
Толук маалымат

  • Сиз «Smart Unlim белекке!» кызматын «Оңой!», «Оной Promo!», «Сонун», «Эң биринчи», «ОК!» ТП тейленип жаткан абоненттерге коштуруп бере аласыз.
  • КР боюнча узактыгы 3 с чейинки  бардык чыгуучу  чалуулардын баасы – 0 сом;

  • «SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • КР белгиленген байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • Акылуу байланыш кызматтарды өчүрүү босогосу- 0,00 сом. Баланс 0,00 сомго жеткенде, абонент акысыз кирүүчү чалууларды жана SMS кабыл ала алат, ошондой  эле шашылыш кызматтарга жана О!нун маалымат алуу -  сурап билүү кызматына акысыз чалууларды жасай алат.

  • «SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифи боюнча абоненттик төлөм автоматтык түрдө узартылып турат. Абоненттин эсебинен тарифти колдонгондон кийинки 30 күнгө абоненттик төлөм автоматтык түрдө алынып турат;

  • Эгер абоненттик төлөмдү  кезектеги автоматтык түрдө алуу учурунда абоненттин эсебинде абоненттик төлөмдү алуу үчүн 990 сом өлчөмүндө керектүү сумма жок болсо, анда шашылыш кызматтарынын акысыз номерлерине чалууларды кошпогондо,  бардык чыгуучу мобилдик байланыш кызматтары  жана интернетке кирүү өчүрүлөт. Качан гана абоненттин эсебинде 990 сом өлчөмүндө керектүү сумма пайда болгондо, абоненттин эсебинен кызматтын кийинки 30 күнгө иштөөсүн узартуу үчүн төлөм автоматтык түрдө алынат, чыгуучу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет.

  • Тариф боюнча абоненттик төлөмдү кезектеги автоматтык түрдө алуу учурунда абоненттин эсебинде керектүү сумма жок болгон болсо, төмөнкүдөй тарифтештирүү иштейт:

 Мобилдик интернет  2,99 сом/Мб 
 О! түйүнүндө чалуулар!   1,10 сом/ мин
 О! номерлерине SMS  1,50 сом
  • Абоненттик төлөмдөрдүн баалары бардык салыктарды эске алуу менен, калган кызматтардын баасы КНС эске алып, СС кошпой көрсөтүлдү.
  • Тарифтин чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген чыгуучу чалуулар жана SMS абоненттин балансында 10 (он) сомго барабар же андан ашык сумма бар болгондо гана жеткиликтүү жана ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:
      • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 40 мүнөт (бардык чалулуардын суммардык көлөмү);
      • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалулуардын суммардык көлөмү);
      • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
      • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.
  • Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтарды тарифтештирүү тарифтик пландын шарттарына жараша ишке ашырылат.
Кошумча маалымат

  • «SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифин активдештиргенде же которулганда «Коңгуроо» кызматы акысыз негизде автоматтык түрдө кошулат. «Коңгуроо» кызматы жөнүндө  кенен маалымат бул жерде;

  • «SMART Unlim + ОҢОЙ» тарифинде «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулган, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 990 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында  кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү  эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү  тарифтин чегинде смартфондо гана колдонулат. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде.