О!го которул Чексиздик + TV Стандарт



Сага керектин баары бир тарифте + 100 ТВ канал!
  • Жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет
  • Жогорку сапаттагы 100 ТВ канал
  • Башка түйүндөргө 30 мүнөт
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
7 күнгө абоненттик төлөм: 185 сом

Кошуу буйрутмасы:  15516#

Толук маалымат

Абоненттик төлөм 7 күнгө

 185 сом

Мобилдик интернет

 Чексиз


ТВ каналдарынын топтому

 100

Башка түйүндөргө* 

 30 мүнөт 

О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS**

 0 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS 

 0,99 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз 

мүнөттөрдүн топтомунун  көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма   

 *728*9#
  • Тарифтик планды «О!го которул VIP», «О!го которул Чексиздик + TV Премиум», «О!го которул VIP+», «О!го которул Premium» тарифинен алмаштыруу баасы - 30 сом. Тарифти алмаштырууда, баланста 215 сомдон кем эмес болуш керек. Башка тарифтерден алмаштыруу баасы – 0 сом, тарифти алмаштырууда баланста 185 сомдон кем болбош керек.
  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планынын иштөө чегинде «О!TV Стандарт» ТВ каналдарынын топтому иштейт, ал өзүнө 100 ТВ каналды камтыйт. Сиздин сүйүктүү ТВ каналдарыңызды көрүү үчүн AppStore ( iPhone жана iPad үчүн), Google-дан PlayMarket (Android үчүн) же веб – порталга www.otv.kg кирип, тиркемени жүктөсөңүз жетиштүү.
  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планынын чегинде көп сандагы ТВ каналдары бар топтомдорду кошуу үчүн баалар жана буйрутмалар:
  • «О!TV Премиум» топтому 130 канал  –  күнүнө 3 сом  *750*3#
  • «О!TV» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;
Кошумча маалымат

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

  • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • КРнын стационардык байланыш операторлоруна чалуулар – 5,99 сомов;

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу – 0,00 сом. Баланс 0,00 сомго жеткенде, абонент акысыз чалууларды жана SMS кабыл ала алат. Ошондой эле шашылыш кызматтардын жана О! нун маалымат-сурап билүү кызматтарынын акысыз номерлерине чалууларды аткара алат.

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планына кошууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат.  «Үн почтасы» кызматты жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул Light + TV Стандарт»  тарифтик планына өтүүдө «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планындагы абоненттер 706 префиксиндеги каалаган номерди тандаса болот жана «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин алмаштырса болот. «Менин жаңы номерим» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 185 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста  кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет. 

  • Интернет тармагына ыңгайлуу кирүүнү камсыздоо үчүн компания бардык кардарларга трафикти (FUP – Fair Usage Policy) "адилеттүү пайдалануу саясатын" жүргүзөт. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент сервисти кыянаттык пайдаланса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат.

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 135 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында  кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү  эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.

  • «Кател» ЖЧКсынын («KATEL» бренди),  «СоТел» ЖЧКсынын («nexi» бренди) номерлерине чалуулардын баасы – 1 мүнөтүнө  4,99 сом;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт»  тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.

  • «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифи иштеп жатканда, «Интернет 50», «Интернет 250», «Интернет 500», «Интернет 1000», «Интернет 2000», 5+5», «Жөнөкөй», «Уюлдук эмгек акы», «Шок+», «Автотөлөм», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (30 күн), «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик», «Супер нөл!», «Оптима», «Smart 300», «Smart 1000», «SmartUnlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «SmartUnlim белекке», «Smart 300 промо», «Smart 1000 промо», «SmartUnlim промо» жана  «Планшет Unlim» кызматтарын жана интернет-топтомдорун кошууга болбойт.

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдүн жана "Турбокнопка" кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын  баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын, эл аралык чыгуучу чалуулардын  тартифтөө кадамы – 1 секунда, КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.


*    Наркы алгачкы 30 мүнөт үчүн бир жумалык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу.  31- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик  GSM  байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 4,59 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 30 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «СкайМобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline») номерлери кирет.

**    «О!го которул Чексиздик + TV Стандарт» тарифтик планынын чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген  чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар  - 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү)
  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтардын тарификациясы 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы - 1,18 сомду, же жөнөтүлгөн SMS - 1,50 сомду түзөт.