O!Phone сатып ал

O!Phone мобилдик түзүлүшүн каалаган O!Store дүкөндөр тармагынан сатып алганда, кардар абоненттин балансын бир жолу толтуруу түрүндө бонус алат.

1. Абоненттин өздүк эсебин (баланс) 200 же 300 сомго абонент сатып алган түзүлүшкө жараша (O!Phone 3G – 200; O!Phone 4G - 300)  толтуруу.

2. Түзүлүштүн баасы мобилдик түзүлүштү сатып алып жаткан учурда толугу менен төлөнүшү керек.

3. Акция мобилдик түзүлүштү насыяга/төлөө мөөнөтүн узартып сатып жаткан учурда да иштейт.

4. "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде баланска эсептелген сумма байланыш кызматтарына гана колдонулушу мүмкүн. Эгер абонент өз балансынан акчаны кайтарууну же башка абоненттин балансына которууну суранса, акчаларды кайтаруу же которуу эсептелген бонустун суммасын алып коюу менен жүргүзүлөт.

5. Эгер абонент 60 күндө эсептелген бонусту сарптабаса, калганы күйүп кетет.

6. "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде арзандатууну эсептегенде, Абонент көрсөткөн сим-картаны ал сатып алган телефонго байланма жүргүзүлөт жана сим-карта ошол мобилдик түзүлүштө гана колдонулат. 

7. "O!Phone сатып ал" акциясы мобилдик түзүлүш сатып алган учурдан тартып 60 күндүн ичинде иштейт. Арзандатуу эсептелгенден кийин  61-күндөн тартып байланма толугу менен алынат, ал эми "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде баланска эсептелген колдонулбаган сумманын калганы – күйүп кетет.

8. Байланма 60 күн өткөнгө чейин абоненттин арызы боюнча өчүрүлүшү мүмкүн. Мында "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде баланска эсептелген колдонулбаган сумманын калганы – күйүп кетет.

9. "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде баланска эсептелген арзандатуу ар бир сатып алынган түзүлүшкө бир жолу гана жүргүзүлөт.

10. Эгер "O!Phone сатып ал" акциясынын чегинде сатып алынган мобилдик түзүлүш 30 күндүн ичинде өчүк болсо (эч кандай активдүүлүк болбосо), же сим-карта активдүү болбосо, анда бул мобилдик түзүлүш боюнча "O!Phone сатып ал" акциясынын таасири токтойт, ал эми Акциянын чегинде баланска эсептелген колдонулбаган сумманын калганы – күйүп кетет.

11. Акция бардык prepaid абоненттерге жана postpaid абоненттерге (жеке эсептер гана) жеткиликтүү.

12. Акцияга катышып жаткан түзүлүштөр эки симкалуу болуп саналат, Акция боюнча эсептөөлөр бир гана imei-ге жүргүзүлөт, эсептелгенден кийинки түзүлүштүн экинчи imei акцияга катышуусун токтотот.

13. SIM-картанын жайгашкан уячасын (imei-ди каалагандай алмаштыруу) алмаштырганда, акциянын шарттары токтойт, колдонулбаган каражаттардын калганы күйүп кетет,  ал эми Sim-картанын жайгашуусун алмаштыргандан кийин 10 мүнөт өткөндөн кийин, сим-карта мурунку imei-ге кайтарылса, Акциянын шарттары мурункудай калат.