Купуялуулук саясаты

Купуялуулук саясаты

«НУР Телеком» Компаниясы (мындан ары – Компания же «О!») Компаниянын веб-ресурстарынын жардамы менен Интернет түйүнүн пайдаланып жаткан учурда колдонуучулар тарабынан берилген маалыматтын купуялуулугунун корголушуна кам көрөт.

Бул документе «веб-ресурс» термини Компаниянын сайттарын, Компаниянын мобилдик тиркемелерин же Компания менен Компаниянын кызматкерлерине тиешелүү социалдык тармактардагы Компаниянын коомчулуктарынын даректерин билдирет.

Төмөндө Компаниянын веб-ресурстарынын колдонуучулары тарабынан берилген маалыматтарды иштеп чыгуунун принциптери жана ыкмалары келтирилген.бул маалымат менен аны менен колдонордон мурун таанышуу зарыл.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынан келе турган маалымат

Мындай маалыматтын мазмуну чектелбейт. Колдонуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, e-mail, туулган жылы, жынысы, Компаниянын өзүнчө функциялары менен сервистерине кирүү үчүн логин жана шартбелгиси тууралуу маалымат, Компаниянын өнүмдөрү же кызматына Колдонуучу тарабынан жасалган тапшырыктын саны, баасы, убактысы жана тартиби тууралуу маалымат, Компаниянын жарнамалык акциясына катышуу тууралуу маалымат, Компаниянын колдоо кызматынын материалдарына жана маалыматтык материалдарына жазылуу тууралуу маалымат, ip-дарек, колдонгон браузер тууралуу маалымат, информацию относительно используемого браузера, cookie файлдарынан алынган маалымат, Колдонуучунун турган өлкөсү жана (же) шаары тууралуу маалымат, кирген мезгили, изделген Барактын дареги, Компаниянын сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү Колдонуучунун түзүлүшү тууралуу маалымат.

«О!» веб-ресурстары менен колдонуу шарттары

Компаниянын веб-ресурстарын колдонуу менен Сиз «О!» купуялуулук саясатынын шарттарына толук көлөмдө эркин жана баамдоо менен макулдугуңузду тастыктаган болосуз. Веб-ресурстардын ээси, бул учурда Компания Сиз тарабынан берилген маалыматтарды социалдык тармактарда, «О!» сайттарында, же «О!» тиркемелеринде Компаниянын өнөктөшү болбогон, Компаниянын кызматтарын/кошумча кызматтарын көрсөтүүгө, акцияларды жана башка жарнамалык же андан башка кампанияларга акылуу жана акысыз негизде тартылбаган үчүнчү тараптарга бербейт жана көрсөтпөйт.

Компания ээ болгон Колдонуучуга байланыштуу бардык маалымат төмөнкү максаттарда гана колдонулат:

-     байланыш кызматынын алкагында байланыш кызматтарын жана кошумча кызматтарын, ошондой эле Компания жана/же анын өнөктөштөрү тарабынан киргизиле турган кызматтардык көрсөтүү;

-     маркетингдик, жарнамалык кампанияларды/акцияларды өткөрүү, жеке артыкчылыктардын анализин жүргүзүү гана эмес, статистикалык анализдин жана башка түрдүү изилдөөлөрдүн, отчеттордун негизиндеги жеке маалыматтардын ээсиздендирилгендигинин базасында түзүлгөн жүрүм-турум мониторингин жасоо, ошондой эле Компания, өнөктөш тарабынан Колдонуучу менен Компаниянын жана өнөктөштөрүнүн рыноктогу кызматтарын, иштерин, товарларын алга жылдыруу үчүн sms-сервистери, электрондук почта, почталык жана электр байланыштары менен чектелип калбастан, Компаниянын гана макулдугу менен жиберилген билдирүүлөрдүн, сурамдардын жардамы менен кайтарым байланышын ишке ашыруу;

- жеке маалыматтар менен иштерди жөнгө салуу тармагындагы мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка максаттар үчүн колдонуу.

Колдонуучунун Компаниянын веб-ресурстарында катталуу фактысы Колдонуучу тарабынан бул Саясат жана анда көрсөтүлгөн маалыматты иштеп чыгуу шарттары менен кыңк этпестен макул болгондугун билдирет. Бул шарттар менен толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүнө макул болбогон учурда Колдонуучу катталуудан өзүн-өзү токтотуусу керек.

Коопсуздук

Компаниянын веб-ресурстарында колдонуучулар тарабынан Компаниянын веб-ресурстарынын жардамы менен Интернет түйүнүн пайдалануу учурунда маалыматты коргоо үчүн алардын жоголуп кетишинин, кыянатчылык менен пайдаланылышынын, башкалардын уруксатсыз кирүүсүнүн, өзгөртүлүшүнүн жана жоготулушунун алдын алууга байланыштуу тиешелүү чаралар кабыл алынган. Ошентсе да, Интернет түйүнү аркылуу маалыматтарды абсолюттук коопсуздукта жана катасыз өткөрүү ыкмасы жок экендигин эске алууңуздарды суранабыз.

Сайттын администрациясы серверлердин иштөөсү, Интернет түйүнүнө кирүү кызматтарын жеткирүүчүлөрү, ошондой эле сайтка кирүү мүмкүндүгүн бербеген же чектелгендикке кириптер кылган үчүнчү жактардын жумушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

«О!» веб-ресурстарында жайгаштырылган маалымат интеллектуалдык менчик укугун жөнгө салуучу Кыргыз Рсепубликасынын учурдагы мыйзамдары менен корголот. Компаниянын веб-ресурстарында жайгашкан маалыматтарды тираждоо, которуу, архивге жазып алуу, маалыматтын башка электрондук ташуучуларына көчүрүп алууга тыюу салынат.

Товардык белгилер

«О!» веб-ресурстарындагы материалдарда жайгашкан Компаниянын бардык корголгон аттары жана логотиптери идентификация максатында гана колдонулат.

«cookies» файлдары 

«cookies» файлы (профилдерди ырастоолор менен чоң файл) тутумга кирүү жана статистика топтоо үчүн керектүү маалыматтарды жазуу менен веб-сайтты колдонууну жеңилдетет. Сайт менен «cookies» файлдары жок деле пайдаланса болот. Көпчүлүк интернет-колдонуучулар «cookies» файлдарын автоматтык түрдө кабыл алышат.

Аларды каалаган учурда өчүрүп койсо болот же издөө тутумун мындай типтеги файлды жөнөтүү менен байланыштуу ар бир учурду билдиргендей кылып ырастап коюу керек.

Балдардын маалыматы

Компания балдар тууралуу маалыматты коргоого абдан олуттуу мамиле жасайт жана көрсөтүлгөн маалыматтын купуялуулугун сактоого умтулат.

Биз 18 жашка жете элек балдарды Компаниянын веб-ресурстарында катталбоого жана ата-энелеринин, же камкорчуларынын, же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн уруксатысыз жана катышуусуз аларды колдонбоого, ошондой эле өзү тууралуу кандайдыр-бир маалыматтарды көрсөтпөөгө чакырабыз.

Колдонуу эрежелери ата-энелер тарабынан 18 жашка чыга элек балдары тарабынан веб-ресурстарды колдонулушун дайыма көзөмөлдүн камсыздалышына милдеттендирет.

Купуялуулук саясатындагы өзгөрүүлөр

Колдонуучунун Компаниянын веб-ресурсуда катталуусу, жеке эсебин түзүүсү жана веб-ресурстарды, анын бардык кызматтарын, функционалын   кийинки колдонуулары, Колдонуучунун бул Саясаттын бардык пункттары менен кыңк этпей макул болгондугун жана анын шарттарын сөзсүз кабыл алгандыгын Колдонуучу кабыл алат жана макул болот.

Колдонуучу тарабынан Саясаттын кандайдыр-бир өзгөрүүлөрүнөн кийин колдонуусу анын мындай өзгөрүүлөр жана/же кошумчалар менен макул экендигин билдирет.

Колдонуучу бул Саясаттын мазмуну менен андагы өзгөрүүлөр менен өз убагында таанышып туруу үчүн үзгүлтүксүз таанышып турууга милдеттеме алат. Өз убагында таанышпай калгандыгы жана анын натыйжасынан Колдонуучу жооптуу.

Компания бул купуялуулук саясатынын шарттарына өз алдынча жана каалаган убакта өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.