«Мой О!» тиркемеси

banner_my_o3.png

«Мой О!» тиркемеси

«Мой О!» — бул бир тиркемедеги «О!Деньги» ыңгайлуу капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин камтыган толук экотутум.

«О!Деньги» электрондук капчыгы
    Бул төмөнкүлөрдү сунуштаган сиздин смартфонуңуздагы ишенимдүү төлөм сервиси:

  • Бардык аймактардын коммуналдык кызматтары, интернет, мобилдик байланыш, онлайн-оюндар, курьердик кызматтар, салыктар жана патенттерди кошкондо 2000ден ашуун сервисти үйдөн чыкпай туруп ыңгайлуу төлөө;
  • Бүт өлкө боюнча Globus жана «Народный» дүкөндөр тармагында, Bishkek Petroleum жана "Партнёр Нефть" май куюучу станциялар тармагында, лабораторияларда, дарыканаларда, кофейня, кафе, дүкөндөр жана конок үйлөрдөгү 250 төлөмдү кабыл алуу пункттарында онлайн төлөө;
  • «Элкарт», Visa, Mastercard карталарын кошуу жана алар менен комиссиясыз тѳлѳѳ;
  • Капчыктагы каражаттарды O!Store дүкөндөрүнөн накталай алуу;
  • QIWI, «Элсом», Mbank, «Компаньон» жана башка капчыктарды толуктоо;
  • Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Ѳзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктык карталарына которуу;
  • ЖКККББ айыппулдарды ыңгайлуу текшерүү, жаңы айыппулдар тууралуу смс алуу, бузуулардын деталдарын жана фотосүрѳттѳрүн көрүү, айыппулдарды арзандатуу менен төлөө;
  • Бардык бонустук карталарды бир жерде сактоо.
  • О! абонентинин жеке кабинети

    Бул төмөнкүлөргө жардам бере турган номерди оңой жана тез башкаруу ыкмасы:

  • Кызматтарды кошуу жана өчүрүү.
  • Тарифтик планды тандоо.
  • Гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү.
  • Ыңгайлуу детализация менен чыгымдарды жана окуяларды контролдоо.
  • «Менин номерлерим» кызматы менен жакындардын балансына кам көрүү.
«О!Маркет» маркетплейси

Бул түз тиркеменин ичинде товарларды жана кызматтарды сатуу жана сатып алуу үчүн акысыз кулактандыруулардын ыңгайлуу сервиси.

  • Жеңил сатуу!
    «О!Маркетте» кулактандырууларды жеке жактар дагы, компаниялар дагы жайгаштыра алат. Жайгаштыруу үчүн регионду тандоо, товардын же кызматтын сыпаттамасын жана сүрөтүн кошуу жана модерацияны күтүү жетиштүү. Кулактандырууларды түзүү жана аларды көрсөтүүлөрдүн саны боюнча эч кандай чектөөлөр жок.
  • Ыңгайлуу сатып алуу!
    Региондор боюнча сорттоо колдонуучуларга өз шаарындагы кулактандырууларды кароого мүмкүнчүлүк берет, ал эми баалардын категориялары, фильтрлер менен диапозону керектүү буюмду же кызматты табууга жардам берет.

    AppStore же Play Market платфомаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуп алыңыз.

    «О!Деньги» сервисинин колдоо кызматы: 999 жана 0 700 000 999.

    «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, № 3022030817.

      Кантип «Мой О!» тиркемесинин колдонуучусу болсо болот?

      «Мой О!» тиркемесин орнотуп, жөнөкөй катталуудан өтүңүз.
      «О!Деньги» капчыгын кантип толуктаса болот?

      1. «О!Деньги» капчыгын толуктоо өлкөнүн көпчүлүк төлөм терминалдарында жеткиликтүү. Фирмалык О! терминалдарынан капчыкты комиссиясыз толуктоо мүмкүн!

      2. Муну кантип аткаруу керек:
      • Терминалдын экранынан «Электрондук капчыктарды» жана андан кийин «О!Деньги» капчыгын тандаңыз;
      • Капчыктын номерин киргизиңиз – ал телефондун номери менен бирдей;
      • Керектүү сумманы купюра алгычка салыңыз.

      3. «О!Деньги» капчыгын «Бай Түшүм» банкынын мобилдик банкинги, Optima 24, Mbank online, «Компаньон» Umai, QIWI жана башка капчыктар аркылуу дагы толуктоого болот.

      4. Капчыкты толуктоонун дагы бир ыңгайлуу ыкмасы — кошулган банктык карта. Картаны кошуп, капчыкты керек учурда комиссиясыз толуктаӊыз!

      Төлөөнү телефондун балансынан жүргүзсө болобу?

      Бардык жеке абоненттерге каражаттардын 3 булагы жеткиликтүү: электрондук капчык, абоненттин каражаттары (телефондун балансы) жана банктык карта. Төлөмдү жүргүзүүдө төлөөнүн бир ыкмасын тандоо жетиштүү.

      Банктык картаны капчыкка эмне үчүн кошуу керек жана муну кантип аткарса болот?

      Кошулган банктык карта төлөм терминалдарын издөө зарылдыгынан куткарат жана керектүү учурда түз эле картадан төлөмдү ишке ашыруу жана капчыкты толуктоо мүмкүнчүлүгүн берет.
      «Элкарт», Visa, Mastercard карталары менен «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳѳдѳ комиссия алынбайт!
      Картаны кошуу үчүн «Менин карталарым» бөлүмүнө өтүп, картанын маалыматтарын бир гана жолу киргизүү керек.

      Капчыктын идентификациясынан эмне үчүн өтүү керек?

      Кыргызстанда Улуттук Банктын талабына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланган электрондук капчыктарды гана колдонууга уруксат берилген. «О!Деньги» капчыгынын идентификациясынан бардык О! тейлөө кеңселеринен же тиркемеден дароо онлайн өтсө болот.
      Идентификация үчүн талап кылынган маалыматтар мыйзамдарда аныкталган.
      КРнын мыйзамдарына ылайык, колдонуучулардын маалыматтары төлөм уюмдары тарабынан үчүнчү кишилерге берилбейт.

      «О!Деньги» капчыгын кантип онлайн идентификациядан өткөрүү керек?

      1. «Мой О!» тиркемесин ачыңыз;
      2. «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз;
      3. Идентификация бар вкладканы ачыңыз;
      4. Өтүнмөнү толтуруңуз;
      5. SMS-код менен өтүнмөнү тастыктаңыз. Өтүнмө бир иш күнүндө иштелип чыгат.

      Электрондук капчыкта канча акча сарптаса жана сактаса болот?

      limits 210722 KG.png
      Капчыктагы каражаттарды кантип жана кайдан накталай акчага айландырса болот?

      Накталай акчаларды алуунун бир нече ыкмасы бар:

      1. O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан. Ал үчүн O!Store дүкөнүнө паспорт менен келүү жана адиске кайрылуу жетиштүү.

      2. Каалаган банктын «Элкарт» картасы жана өнөктөш-банктардын Visa, MasterCard карталары аркылуу. Каражаттарды накталай акчага айландыруу үчүн акчаны картага которуу жана өлкөнүн бардык банкоматтарынан накталай алса болот. Которуу үчүн комиссия – 1%дан 1,5%га чейин түзөт. Капчыкты пайдалануучулар «Элкарт» фирмалык картасын О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен ала алышат, карта менен банкоматтардан накталай акчаларды комиссиясыз алуу мүмкүн.

      3. Банктын кассасынан. Акча каражаттарын ГУМ «Чынар» соода борборундагы «Дос-кредобанк» ААКнун башкы кеңсесинин кассасынан накталай акчага айландырса болот. Комиссия 2.5 %ды түзөт. Паспорт жана тиркемелердин болушу талап кылынат.

      Жаӊылыш төлөмдү кантип жокко чыгарса болот?

      Төлөм жаӊылыш ишке ашырылган учурда «О!Деньги» сервисинин колдоо кызматынын 999 же 0700000999 номерлерине кайрылса болот. Колдонуучу кайрылуусунун каралып чыккандыгы тууралуу смс-билдирүү же чалуу аркылуу маалымат алат.