Бирге Арзан

vmeste-deshevle_plashka_kg.jpg

Бүт үй-бүлө үчүн Интернет комплекти!

  • Чектөөсүз үйдөгү Интернет үчүн РОУТЕР!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS үчүн 3 SIM-карта жана айына 40 Гигабайттан Интернет-трафик.

  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошулуу үчүн табыштамаларды төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз:

    955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз);

    0 500 000 955 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

    Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектини сатып алса, ошондой эле «Бирге арзан» тарифине кошулса болот.   

    Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

    Көрсөтүү шарттары:

    «Бирге арзаныраак» тарифин О! сатуу жана тейлөө Кеңселеринен, О!Store дүкөнүнөн сатып алууга жана кошулууга же 955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) номерине сурамды калтырууга болот. Башка мобилдик операторлордун абоненттери 0 500 000 955 (чалуу алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет) номерине чала алышат.

    Комплекттин баштапкы баасы 3 190 сом, анын ичинен 2 000 сом – роутердин баасы. Андан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы 1 190 сомду түзөт.

    Милдеттүү шарт:

    «Бирге арзаныраак» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 190 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.

    «Бирге арзаныраак» комплектиси 4 SIM-картадан турат:

    1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

    2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплектидеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке** чыгуу үчүн колдонуу керек.

    3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча SIM-карта (2 даана) SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек. 

    Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум  6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 200 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 200 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1390 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1590 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 4,9 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) алгачкы 40 мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернеттин топтомдору күндүзгү жана түнкү мезгилге бирдей көрсөтүлөт. 20 ГБ көлөмүндөгү күндүзгү интернет-трафик суткасына саат 08:00:00дөн 00:59:59га чейин, 20 ГБ көлөмүндөгү түнкү интернет-трафик суткасына 01:00:00дөн 07:59:59га чейин жеткиликтүү болот;
    • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет 250 ГБ көлөмүндө күндүзгү жана түнкү трафикке бөлүнбөстөн берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;

    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
    • 1. «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

      2. «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

      3. «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

    • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
    • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
    • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.

    * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 3 600 сомду түзөт.

    «Бирге арзаныраак» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    •17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.


    Башкаруу буйрутмалары:

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

    *955*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

    *955*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

    *955*9#

    Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#



    Кошумча маалымат:
    • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
    • КР жергиликтүү байланыш операторлорунун чыгуучу чалуулары – 5,99 сом;
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу – 0,00 сом. Баланс 0,00 сомго жеткенде, абонент акысыз кирүүчү чалууларды жана SMS кабыл ала алат, ошондой эле шашылыш кызматтарга жана О!нун маалымат алуу - сурап билүү кызматына акысыз чалууларды жасай алат;
    • «Бирге арзаныраак» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
    • «Бирге арзаныраак» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык Роутер үчүн SIM-картанын номеринен башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;
    • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзаныраак» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 1 190 сомдон аз болсо, кошулган үзгүлтүксүз кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык үзгүлтүксүз кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
    • «Бирге арзаныраак» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
    • «Бирге арзаныраак» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
    • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан башка бардык чыгуучу мобилдик байланыш жана интернетке кирүү өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек.
    • Роутерге Wi-Fi аркылуу 32 түзүлүшкө чейин эркин кошсо болот: үйдөгү телевизор, смартфондор, ноутбуктар, башка түзүлүштөр, Wi-Fi мүмкүнчүлүгүн Сиздин коноктор да пайдалана алышат;
    • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонордо «Интернетти тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жааратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
    • «Бирге арзаныраак» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтар: Мүмкүн: «Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Мобилдик айлык акы!» кызматы. Мүмкүн эмес: «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң плюс», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү чексиздик+», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Планшет Unlim», «Бирге», «СУПЕРХАЙП» Акциясы, «О!го которул Light+ белек», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке» жана «Сенин нөлүң 7 күнгө белекке» («белекке» кызматтарын Белек берүүчү жана Алуучу катары кошуу мүмкүн эмес).
    • Роутер жана бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
    • Комплекттин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын, чыгуучу эл аралык чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.

    Тарифти алмаштыруу шарттары:

    • Башкы номердеги «Бирге арзаныраак» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 3600 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
    • Эгер абонент «Бирге арзаныраак» тарифи менен пайдаланууну каалабаса, анда 3600 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөшү керек;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзаныраак» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзаныраак» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт.;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзаныраак» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзаныраак» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
    • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «О!го которул 95» тарифине автоматтык түрдө алмашат;
    • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзаныраак» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзаныраак» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.

Wi-Fi роутердин техникалык мүнөздөмөсү:

router-photo.jpg
Роутердин модели: Huawei LTE CPE B311s-220

Түйүндѳрдү кѳтѳрѳ алышы: GSM, UMTS, LTE

Маалыматтарды берүү ылдамдыгы - 150 Мбит/с чейин LTE Cat4 кармайт)

Wi-Fi камтуу аймагынын радиусу 200 метрге чейин

Wi-Fi боюнча 32 түзүлүшкѳ чейин зымсыз туташуу

Пайдалануучунун колдонмосу