Чалууларды башка дарекке буруу

Чалууларды башка дарекке буруу

Чалууларды башка дарекке буруу


Чалууларды бурууну ыңгайлаштырып, байланышта калыңыз!

«Чалууларды башка дарекке буруу» кызматы менен сиз каалаган телефонуңузга - уюлдук, шаардык, эл аралык же шаар аралык келген бардык чалууларды башка дарекке бура аласыз.
Эгерде сиз уюлдук телефонуңузду үйдө калтырган болсоңуз же батереясы өчүп калган болсо да, сиз бир чалууну байкоосуз калтырбайсыз!
Кызматка кошулуу - акысыз. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү - чексиз. 


Чалууларды башка дарекке буруунун түрлөрү
  • Бардык кирүүчү чалуулар.
  • Абоненттин аппараты өчүрүлгөн.
  • Абонент аппараты байланыш аймагынан тышкары.
  • Абонент жооп бере албайт.
  • Абоненттин аппараты бош эмес.
Башка дарекке бурууда көрсөтүлгөн номердин форматы
  • КРнын желелери үчүн 10дук форматта (0700123456) же эл аралык форматта (+996700123456).
  • КРнын аймагынан тышкары чалуулар үчүн эл аралык форматта  (+19161234567…) гана жүргүзүлөт.

Кызматка кошулуу - акысыз. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү - чексиз. Чалууларды башка дарекке буруу" кызматын кошкондо, кызматтын чегинде  башка дарекке бурулган чалууларды тарифтештирүү абоненттин тарифтик планындагы чыгуучу чалуулардын баасына жараша ишке ашырылат. 

Сиз дайыма кызмат статусунун абалын текшерип көрсөңүз болот, бул кызмат туташканбы жана туташса бардык кирген чалуулар кайсы номерге даректелип жатканын билсеңиз болот. Ошондой эле бардык башка дарекке бурууларды алып салса болот.

Чалууларды буруу түрлөрүн  тандоо жана аларды  башкаруу
  • «Заматта» түрү – бардык чалууларды буруу   **21*телефондун номери#
  • «Бош эмес» түрү – эгерде Сиз учурда сүйлөшүп жатсаңыз **67*телефондун номери#
  • «Жооп жок» түрү – эгер Сиз чалууга жооп бербей жатсаңыз - **61*телефондун номери#
  • «Аймактан тышкары» түрү – эгер Сиз GSM сыйымдуулук аймактан тышкары болсоңуз, же Сиздин телефонуңуз өчүрүлгөн болсо  - **62*телефондун номери#
 
Чалууларды буруунун бардык түрлөрүн өчүрүү -  ##002#

  • «Заматта» түрүн өчүрүү  – бардык чалууларды буруу  параметрин өчүрүү - ##21#
  • «Бош эмес» түрүн өчүрүү – эгерде Сиз учурда сүйлөшүп жатсаңыз - ##67#
  • «Жооп жок» түрүн өчүрүү  – эгер Сиз чалууга жооп бербей жатсаңыз - ##61#
  • «Аймактан тышкары» түрүн өчүрүү – эгер Сиз GSM сыйымдуулук аймактан тышкары болсоңуз, же Сиздин телефонуңуз өчүрүлгөн болсо  - ##62#