Чалууну күтүү

Чалууну күтүү

Чалууну күтүү


Маанилүү чалууларды өткөрүп жибербеңиз!

«Чалууну күтүү» кызматы менен сиз маанилүү чалууларды өткөрүп жибербейсиз, эгер ал сүйлөшүү убагында келсе да!

Сүйлөшүп жатканда экинчи чалуу келип жаткандыгы тууралуу белги берилет. Сиз биринчи ким менен сүйлөшүү керек экенин тандасаңыз болот жана ар бир чалган адам менен кезек аркылуу сүйлөшсөңүз болот.

Сиз күтүү режимине бир эле номерди коё аласыз. Күтүп жатканда абонент обонду угуп турат.

Кызматты кантип пайдалануу керек?

Эгер сүйлөшүү учурунда дагы бир чалуу келип түшсө, сиз:

  • Берилген белгиге карабай сүйлөшүүнү уланта аласыз.
  • Сүйлөшүүнү токтотуп, жаңы чалууну  алсаңыз болот.
  • Эгер күтүп жаткан адамга кайра кайткыңыз келсе, чалууну кабыл алуу же "1" анан чалуу кол баскычын басыңыз.

Эгер сиз экинчи адамга чалгыңыз келсе, биринчи адам менен сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратпай эле, телефон номерин терип, чалуу баскычын басыңыз.

Бир абонентти кармап, экинчисине чалуу:
  • Сизде белгиленген туташуу бар.
  • Сиз чалгыңыз келип жаткан телефон номерин киргизип, чалуу баскычын басыңыз.
  • Эгер сиздин чалууңузга жооп бербесе же номер бош эмес болсо, мурунку чалууга чалуу баскычын же "1" жана чалуу баскычын басып кайтсаңыз болот.
  • Эгер сүйлөшүп жатсаңыз жана Сиз сүйлөшүү ортосунда башкага которгуңуз келсе чалуу баскычын же "2" баскычын бассаңыз болот.
  • Эгер сүйлөшүп жатсаңыз жана Сиз күтүү режиминдеги адамга кайра кайрылгыңыз келсе, чалуу баскычын же "1" анан чалууну басыңыз.