Сенин чексиздигиң

Сенин чексиздигиң


О! түйүнүндөгү чексиз интернет, бекер чалуулар жана SMSтер!

«Сенин чексиздигиң» жаңы кызматы менен О! түйүнүндөгү чексиз 3G интернет + акысыз чалуулар жана SMSтерге ээ болуңуз.

Алгачкы кошулуу акысы – 0 сом. Экинчи жана андан кийинки кошулуулар - 20 сом. Абоненттик акы – күнүнө 20 сом.

Кызматты кошуу:  070# же 170#
Кызматты өчүрүү:  0700# же 1700#
Кызматтын абалын билүү:  0709# же1709#
  • Бул кызматты активдештирүү  Бишкек  шаарынын жана Чүй, Талас, Ыссык-Көл, Нарын областарында аймагындагы «Эң биринчи!», «ОК!», «Сонун!», «Оңой!»  тарифтик пландарын колдонгон абоненттер үчүн  жеткиликтүү болуп саналат.
  • «Сенин чексиздигиң» кызматын көрсөтүүнүн  алкагында абонентке чексиз мобилдик интернеттин пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет. Күнүмдүк интернет трафиктин алгачкы 500 мегабайты мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкта берилет. Интернет трафиктин күнүмдүк 500 Мб чегинен өткөн кезде, ылдамдык чектелиши мүмкүн.
  • Ушул кызматтын чегинде  интернет топтомду жогорку ылдамдыкта колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 Гб» жана «Турбокнопка 2 Гб» кызматтарын кошуу жеткиликтүү, бул кызматтар кезектеги абоненттик төлөмдү «Сенин чексиздигиң» кызмат  боюнча алганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу баасы: «Турбокнопка 1 Гб» – 30 сом; «Турбокнопка 2 Гб» – 40 сом.
  • «Сенин чексиздигиң» кызматын көрсөтүүнүн алкагында  О!  түйүнүндөгү арзандатылган  чыгуучу чалуулар, SMS жана MMSтер абоненттин балансында 10 сом же андан көп сумма бар болгондо гана мүмкүн болот. Абоненттин балансында 10 сомдон аз сумма бар болсо, ал абонентке тейленип жаткан тарифтик пландын чегинде тарифтенлине турган байланыш кызматтары гана жеткиликтүү болот. * 
  • Алгачкы кошулуу акысы – 0 сом. Экинчи жана андан кийинки кошулуулар - 20 сом.
  • Бардык баалар КНС эске алуу менен, ССсыз көрсөтүлгөн.
  • Кызматка кошулуу баланста 20 сом жана андан ашык сумма болгондо мүмкүн болот. Абоненттик акы – күнүнө 20 сом. Эгер бул абоненттик акыны алып жаткан учурда, абоненттин эсебинде 20 сомдон кем сумма калса, «Сенин чексиздигиң» кызматынын иштеши абоненттин балансында керектүү сумма пайда болгонго чейин убактылуу токтотулуп турат.
  • «Сенин чексиздигиң» кызматынын иштеши токтотулуп турган учурларда О! түйүнүндөгү чалуулардын тарификациясы, SMS жана MMS, ошондой эле мобилдик интернет абоненттин тарифтик пландарынын же өзүнчө кошулган кызматтардын шарттары боюнча жүргүзүлөт. 
  • Абонент тарифтик планынын «Оңой!», «Сонун!», «Эң биринчи!», «ОК!» тарифтик пландарына алмаштырган учурда, бул кызмат анын иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин активдүү болот. Калган учурларда «Сенин чексиздигиң» кызматы өчүрүлөт.
  • Эгер абонентте «Сенин күнүмдүк нөлүң» кызматы же “ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуулар, SMS жана MMS”, “Эң биринчи!” тарифтик планында 15 күн акысыз чалуулар, SMS жана MMS” акциялары, ошондой эле “Сенин нөлүң» же  «Сенин нөлүң белекке!» кызматтары кошулуп турса, “Сенин чексиздигиң» кызматын кошууга болот. Мында жогоруда көрсөтүлгөн акциялардын жана кызматтардын шарттары өчөт жана “Сенин чексиздигиң»кызматынын жаңы шарттары иштеп баштайт.
  •  Эгер абонентте «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Супер нөл!», «Оптима», «Түнкү чексиздик», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim»,  кызматтарынын бири кошулуп турса, «Сенин чексиздигиң» кызматын  кошууга мүмкүн эмес;
  •  Эгер мурда абонентте «Интернет 50»,  «Интернет 250»,  «Интернет 500»,  «Интернет 1000»,  «Интернет 2000» интернет-топтомдору активдештирилген болсо, «Сенин чексиздигиң» кызматын  кошууга болот. Мобилдик интернет “Сенин чексиздигиң» кызматынын шарттары боюнча берилет. Мында жогоруда көрсөтүлгөн интернет-топтомдорунун иштөө мөөнөтү өзгөрүүсүз калат.
  •  «Сенин чексиздигиң» кызматы кошулуп турганда, «Интернет 50»,  «Интернет 250»,  «Интернет 500»,  «Интернет 1000»,  «Интернет 2000», «Сенин күнүмдүк нөлүң», «Сенин нөлүн!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуулар, SMS жана MMS», «Эң биринчи!» тарифтик планында 15 күн акысыз чалуулар, SMS жана MMS», «Эң биринчи»,«Супер нөл», «Оптима», «Түнкү чексиздик», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim кызматтарын жана акцияларын кошууга мүмкүн эмес. 
  • Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет. 
Кызматты кошуу  - *070#же *170#
Абалды текшерүү - *070*9#же *170*9#
Кызматты өчүрүү - *070*0#же *170*0#


  • * Кызматтын алкагында О! түйүн ичиндеги жеңилдетилген чыгуучу чалуулар, SMS жана MMS сутка сайын төмөнкү көлөмдө берилет:
О! түйүнүндөгү добуштук чалуулар   17:00:00 дөн  23:59:59 чейин - 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү)
О! түйүнүндөгү добуштук  чалуулар   00:00:00 дөн 16:59:59  чейин - 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү)
О! түйүнүндөгү SMS жөнөтүүлөр 17:00:00 дөн 23:59:59 чейин – 20 билдирүү
О! түйүнүндөгү SMS жөнөтүүлөр 00:00:00 дөн 16:59:59 чейин – 180 билдирүү

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган кызматтардын тарификациясы абонент тейленип жаткан тарифтик пландын шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.