O!FM

O!FM

O!FM


Бүт дүйнөнүн радиостанцияларын угуңуз!

O!FM тиркемеси – бул бардык табит үчүн радио. Сиз жактырган R&B, джаз, рок, рэп, шансон, классика жанрындагы музыкалар жаңырган, 1000ден ашуун күнү-түнү иштеген заманбап онлайн-радиолор. Сиз үчүн жүздөгөн музыкалык, жаңылыктар, тамашалар жана балдардын радиоканалдары топтолгон.

Сүйлөө ыкмаларыңызды өнүктүрүү үчүн англис, немис, француз, орус, италиялык тилдериндеги радиостанцияларды угуңуз же бөбөгүңүз унаада тажабай жүрсүн десеңиз, балдардын онлайн-радиосун коюп бериңиз.

  • Алгачкы 3 күн АКЫСЫЗ!

  • Андан кийин абоненттик төлөм күнүгө: 3 сом

  • Акысыз трафик

Кызматка кошулуу үчүн O!FM тиркемесин Android же iOS үчүн жүктөп алыңыз жана нускамага ылайык аракет кылыңыз.
  • O!FM онлайн-радиосунун менюсу үч тилде – кыргыз, орус, англис тилдеринде берилген.
  • Өлкөлөр, жанрлар жана категориялар боюнча ыкчам фильтрлер бар, радиостанциялардын аттары боюнча ыңгайлуу издөө.
  • Ыңгайлуулук үчүн эң популярдуу динамикалуу ТОП-15 радиостанцияларынын тизмеси бар.
  • Өзүңүзгө жаккан радиостанциялардан жеке тизмесин түзө аласыз, аларды “Тандалгандар” менюсуна киргизип койсо болот.
  • «О!Музыка» кызматы алгач кошулганда, ар бир абонентке 3 күн акысыз мөөнөт берилет. Акысыз мөөнөт аяктаганда, бир күндүк абоненттик төлөм суткасына 3 сомду (КНС эске алынат, СС эсептелбейт) түзө турган автоматтык түрдө акылуу мөөнөт күчүнө кирет.
  • Кызматка жазылуу: 7011#
  • Кызматтын статусун текшерүү:   70119#
  • Кызмат тууралуу маалымат:   70118#
  • Кызматты өчүрүү:   70110#

  • Эгерде абоненттин мобилдик эсебинде күнүмдүк абоненттик төлөмдү алуу үчүн каражаттар жетишсиз болсо, анда «О!FM» кызматы иштөөсү токтотулат. Болгону абоненттик төлөмдү алуу үчүн жеткиликтүү суммага балансты толтуруу керек, андан ары кызматты колдонууну уланта бересиз.
  • «О!FM» кызматы «Интернет+», «Корпоративдик кардарлар үчүн Интернет+», «Алга Интернет + O!TV», «Үйдөгү интернет», «40 ГБ интернет» тарифтик пландарынын абоненттеринен башка О! мобилдик операторунун бардык абоненттерине жеткиликтүү.
  • Эгер сиз 90 календардык күндүн ичинде кызматты колдонбосоңуз, анда балансты толуктаган учурда абоненттик төлөм күтүүсүз түрдө алынып кетпеш үчүн кызмат 91-күнү автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын-ала тиешелүү SMS-кабарлама келет.

  • Кызмат тууралуу: fm.o.kg