Сенин нѳлүӊ! (7 күн)

proverka stoimosti zvonkov.jpg

Сенин нѳлүӊ! (7 күн)

«Сенин нѳлүӊ!» - Чексиз интернет жана О! түйүн ичинде акысыз баарлашуу!

«Сенин нѳлүӊ!» кызматы менен чексиз интернетти колдон жана О! түйүн ичинде акысыз баарлаш.

Суткасына алгачкы 100 Мб мобилдик интернет мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Кызматтын чегиндеги жогорку ылдамдыктагы суткалык интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.

Кызматты кошуу баасы 7 күнгѳ – 65 сом.

06.07.2023-жылдан 05.09.2023-жылга чейин (камтуу менен) тарифтин топтомдорунун алкагында, бир жумага абоненттик төлөм алынган ар бир учурдан тарта бардык абоненттерге Кыргызстандын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн кошумча 15 мүнөт жеткиликтүү болот!

Кызмат боюнча толук маалымат:

  • Кызматты активдештирүү «Эӊ биринчи!», «Ок!», «Оӊой!», «Правильный!» тарифтик пландарындагы абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.
  • Кызматты 7 күнгѳ кошуу баасы – 65 сом.
  • Суткасына алгачкы 100 Мб мобилдик интернет мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Кызматтын чегиндеги жогорку ылдамдыктагы суткалык интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн. 
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, кызматтын чегинде, «Турбокнопка 200 Мб»  жана «Турбокнопка 500 Мб» кызматтарын кошуу жеткиликтүү, алар мобилдик интенртетти учурдагы сутка аяктаганга чейин жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды кошуу баасы:

  • «Турбокнопка 200 Мб» – 10 сом; 

    «Турбокнопка 500 Мб» – 20 сом. 

    «Турбокнопка» кызматтарын «Жеке кабинеттеги» интерфейсте, WEB-интерфейстин жардамы аркылуу же  төмөнкү USSD-буйрутмалары менен кошууга болот:

«Турбокнопка 200 Мб»: *735*100#

«Турбокнопка 500 Мб»: *735*500#

  • «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы кошулуп турганда кызматты кайра кошуу абоненттик тѳлѳм акыркы жолу алынган учурдан тартып 48 саат ѳткѳндѳн кийин мүмкүн. Мында абоненттик тѳлѳм толук кѳлѳмдѳ алынат жана кызматтын иштеши кайра кошкондон кийин 7 күнгѳ узартылат.
  • Кызматты активдештирген учурдан тартып же кызматтын иштеши автоматтык түрдѳ узартылгандан кийин ар бир 7 күнгѳ автоматтык түрдѳ узартылат. Абоненттин эсебинен «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматын кийинки 7 күндѳ пайдалануу үчүн тѳлѳм автоматтык түрдѳ алынат.
  • Эгер кызматты активдештиргенден же иштешин автоматтык түрдѳ кезекте узарткан учурдан тартып 7 күн ѳткѳндѳн кийин абоненттин эсебинде автоматтык активдештирүү үчүн 65 сом кѳлѳмүндѳ керектүү сумма жок болсо, «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы ѳчѳт. Абоненттин эсебинде 65 сом кѳлѳмүндѳгү керектүү сумма пайда болору менен, абоненттин эсебинен кызматты активдештирүү үчүн тѳлѳм автоматтык түрдѳ алынат жана кызматтын иштеши 7 күнгѳ узартылат.
  • Эгер абонентте «Сенин нѳлүӊ!» (30 күн), «Сенин нѳлүӊ белекке!», «Сенин чексиздигиӊ», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке» кызматтарынын бири кошулуп турса, ушул кызматтарды ѳчүрмѳйүнчѳ «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматын кошууга мүмкүн эмес.
  • Эгер абонентте «ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуу жана SMS» жана «Эӊ биринчи!» тарифтик планында 15 күн акысыз чалуу жана SMS», «5+5», «Сенин күнүмдүк нѳлүӊ!», «Сенин нѳлүӊ 3, 6, 12!», «Оптима» жана «Супер нѳл!» кызматтары жана акциялары кошулуп турса, «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматын кошууга болот.
  • «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы кошулуп турса, «Сенин нѳлүӊ!» (30 күн), «Сенин нѳлүӊ белекке!», «ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуу жана SMS» жана «Эӊ биринчи!» тарифтик планында 15 күн акысыз чалуу жана SMS», «Сенин күнүмдүк нѳлүӊ!», «5+5», «Оптима», «Супер нѳл!» кызматтарын жана акцияларын «Сенин нѳлүӊ» (7 күн) кызматын ѳчүрмѳйүнчѳ кошууга мүмкүн эмес.
  • «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы иштеп жаткан учурда, «Сенин нѳлүӊ 3, 6, 12!», «Сенин чексиздигиӊ», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке» кызматтарын кошууга болот. Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн кызматтардын бирин кошкондон кийин «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы ѳчѳт, О! түйүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS кошулуучу кызматтын шарттарына жараша берилет.
  • Абонент «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматын «Эӊ биринчи!», «ОК!», «Правильный!» жана «Оӊой!» тарифтик планына алмаштырган учурда, «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы ѳзүнүн иштешин сактап калат. Тарифтик планды жогоруда саналган кызматтардын башкаларына алмаштырган учурда, «Сенин нѳлүӊ!» (7 күн) кызматы ѳчѳт. 
  • Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет. 
  • Баалар бардык салыктарды эске алуу менен кѳрсѳтүлдү.

 Кызматты кошуу - *007#

Кызматты ѳчүрүү - *007*0#

Кызматтын абалын текшерүү - *007*9#

  • Кызматтын чегинде О! түйүн ичиндеги арзандатылган (тарифтелбеген) чалуулар жана SMS абоненттин балансында 10 сомго барабар же андан ашык сумма болгондо гана жеткиликтүү жана күнүнѳ тѳмѳнкү кѳлѳмдѳрдѳ берилет:

О! түйүнүндѳ добуштук чалуулар 17:00:00 дѳн 23:59:59 чейин – 40 мүнѳт (бардык чалуулардын суммардык кѳлѳмү)

О! түйүнүндѳ добуштук чалуулар  00:00:00 дѳн 16:59:59 чейин – 140 мүнѳт бардык чалуулардын суммардык кѳлѳмү)

О! түйүнүндѳ SMS жѳнѳтүү 17:00:00 дѳн 23:59:59 чейин – 20 билдирүү

О! түйүнүндѳ SMS жѳнѳтүү 00:00:00 дѳн 16:59:59 чейин  - 180 билдирүү

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн чектѳѳлѳрдѳн ашык колдонулган кызматтарды тарифтештирүү Абонент тейленип жаткан тарифтик пландын шарттарына жараша ишке ашат.