VIP+ О!го которул



Сага керектин баары бул тарифте!
  • Жогорку ылдамдыктагы 16 ГБ, андан кийин чексиз интернет
  • Башка түйүндөргө 50 мүнөт   
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS
  • «O! Safe Kids» кызматы кошумча акысыз жеткиликтүү!
7 күнгө абоненттик төлөм: 205 сом

Кошуу буйрутмасы:  *155*88#

Толук маалымат

Абоненттик төлөм 7 күнгө

 205 сом

Мобилдик интернет

 Чексиз

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

 16 Гб

Башка түйүндөргө*

 50 мүнөт

О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS**

 0 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

 1,50 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз 

мүнөттөрдүн топтомунун  көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма       

 *728*9#


  • Башка тарифттерден өтүү – 0 сом. SIM-картаны буйрутма менен бул жерден алсаңыз болот.
  • «О!го которул VIP+» тарифтик планынын чегинде чексиз интернет берилет. Алгачкы 16 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Тарифтин чегинде жума сайын берилчү жогорку ылдамдыктагы интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет топтомдору күндүзгү жана түнкү убакта бирдей үлүштө берилет. 8 ГБ өлчөмүндөгү күндүзгү интернет трафик күн сайын 08:00:00 дөн 00:59:59 чейин, 8 ГБ өлчөмүндөгү түнкү интернет трафик күн сайын 01:00:00 дөн 07:59:59 чейин жеткиликтүү.
  • «О!го которул VIP+» тарифтик планындагы абоненттерге тарифтин чегиндеги жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 ГБ», «Турбокнопка 2 ГБ» жана «Турбокнопка 10 ГБ» кызматтарын кошууга болот, алар тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды кошуу баасы:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом); 

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом); 

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).
Кошумча маалымат
  • «О!го которул VIP+» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • «О!го которул VIP+» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

  • Сиздин балаңызга кам көрүүгө, виртуалдык жана реалдуу дүйнөдө коргоого жардам бере турган «O! Safe Kids» кызматы жаңы «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринин топтомунда кошумча акысыз жеткиликтүү!

    Жөн гана өзүңүздүн түзүлүштө «Ата-эне» режиминде, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде «О! Safe Kids» тиркемесин орнотуп жана ырастап алыңыз.

    «О! Safe Kids» тиркемесинин жардамы менен сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

    · Баланын турган жерин онлайн-картадан аныктоо;

    · Баланын түзүлүшүндөгү батареянын зарядынын деңгээлин байкоо;

    · Кооптуу сайттарды, контентти, ошондой эле чоңдор үчүн сүрөттөрдү бөгөттөө жана интернетте коопсуз издөөнү камыздоо;

    · Түзүлүштөрдү расписание менен пайдалануунун убактысын көзөмөлдөө;

    · Баланын интернеттеги активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү;

    · Ал гана эмес балаңыздын, ошондой эле анын жаңы досторунун Facebook жана VKontakte тармактарындагы анын жазгандарына да байкоо жүргүзүү.

    «O! Safe Kids» кызматын АppStore же Google Play маркеттеринен жүктөп алуу менен, ошондой эле portal.safekids.kg сайты аркылуу пайдаланууну баштоого болот.

    Кызматты активдештирүү үчүн командасы: *234*1#.

  • «О!го которул VIP+» тарифтик планына кошууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат. «Үн почтасы» кызматты жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «О!го которул VIP+» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу "Коңгуроо" кызматы автоматтык түрдө кошулат, "Коңгуроо" кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

  • «О!го которул VIP+» тарифтик планындагы абоненттер 706 префиксиндеги каалаган номерди тандаса болот жана «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин алмаштырса болот. «Менин жаңы номерим» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 205 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста  кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек.  Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет. 

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 205 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында  кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү  эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «О!го которул VIP+» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «О!го которул VIP+»  тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Абонент 7 күндүн ичинде мобилдик интернеттин топтомун сарптабаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет.

  • «О!го которул VIP+» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «О!го которул VIP+» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.

  • «О!го которул VIP+» тарифи иштеп жатканда, «5+5», «Уюлдук эмгек акы», «Автотөлөм», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (30 күн), «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+» кызматтарын жана интернет-топтомдорун кошууга болбойт.

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдүн жана "Турбокнопка" кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын  баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.

*   Наркы алгачкы 50 мүнөт үчүн бир жумалык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу.  51- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик  GSM  байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 4,90 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 50 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «СкайМобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline»), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (бренд SALAM) номерлери кирет.

** «О!го которул VIP+» тарифтик планынын чегинде О! түйүнүндө (тарифтештирилбеген) жеңилдетилген  чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар  - 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү)
  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
  • 00:00:00 тартып  16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтардын тарификациясы 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы - 1,18 сомду, же жөнөтүлгөн SMS - 1,50 сомду түзөт.