«Менин О!» тиркемесинен 1 ГБ интернет БОНУС

2017-жылдын 28-ноябрынан баштап “Менин О! тиркемесинин пайдалануучулары 1ГБ интернет БОНУСУНА ээ боло алышат.

Эмне кылуу керек?

“Менин О!” тиркемесиндеги өз электрондук почтасын тастыктоо керек.

Муну кантип аткаруу керек?

“Менин О!” тиркемеси менен пайдалануу үчүн каттоодон өтүшүңүз зарыл, каттоодон өтүп жатканда “Өз элеткрондук дарегиңизди тастыктаңыз” деген терезеге өз электрондук почтаңызды жазышыңыз керек. Анан электрондук дарегиңизге жиберилген шилтемеден каттоону тастыктооңуз зарыл. Мындан кийин сизге кошулган бонус тууралуу SMS-эскертүү аласыз.

Эмне үчүн өз дарегин көрсөтүү керек?

Электрондук почтанын дареги “Менин О!” тиркемесининин бонустары жана жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу актуалдуу маалыматты убагында алуу үчүн зарыл.

Бонустун мөөнөтү – 30 күн.

Бонустун чегиндеги интернет-трафик эң жогорку артыкчылыкка ээ жана биринчи кезекте бардык 4G/3G/2G стандарттагы түйүн ичинде сарпталат. Бонусту өчүрүп коюу же мөөнөтүн жылдырып коюу мүмкүн эмес.

Бонустун калдыгын текшерүү : *828#

БОНУСТАРДЫН шайкештиги

“О! Деньги” тиркемесинде 1 ГБ интернет бонусун бир жолу алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда бонустук интернет-трафик кезеги менен сарпталат.

Эгер абонент күтүү шарттамында болсо, анда бонус берилбейт. Бонусту сарптоо үчун абоненттин тарифи активдүү болушу зарыл.