«Переходи на О! Регион» Акциясы

10 ГБ БОЛГОНУ 20 СОМГО!

ИНТЕРНЕТТИ ТҮЙҮНДҮН 3G/4G ТҮРҮ БОЮНЧА БӨЛБӨЙБҮЗ

ИНТЕРНЕТТИ КҮН МЕНЕН ТҮНГӨ БӨЛБӨЙБҮЗ

  • Максималдуу ылдамдыктагы 10 ГБ, андан кийин чексиз интернет

  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS

7 күнгө абоненттик төлөм: 20 сом 

Кошуп алуу жаңы О! SIM-картасын сатып алганда гана жеткиликтүү болот.

Акция тууралуу кененирээк

Абоненттик төлөм 7 күнгө

20 сом

Мобилдик интернет

Чексиз

Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

10 ГБ

О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS*

0 сом

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы акциянын шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС**

1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма

 *728*9#

  • Алгачкы 10 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернеттин топтому күндүзгү жана түнкү топтомдорго бөлүнбөстөн берилет.

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 ГБ» кызматын кошууга болот, ал кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернетти колдонууга мүмкүндүк берет. Турбокнопканы «Жеке кабинет», web-интерфейс аркылуу же төмөндөгү буйрутма аркылуу кошуп алса болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

Мобилдик «Мой О!» мобилдик тиркемесинен акцияны башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализацияга ээ болуңуз жана күнү-түнү онлайн-консултация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

Акция тууралуу кошумча маалымат:
 

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

  • КР башка мобилдик оперторлорунун номерлерине чыгуучу чалуулар – 4,9 сом/мүн.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн минималдык бирдигинин көлөмүн төлөөгө керектүү акча каражаттарынын санына барабар;

  • «Переходи на О! Регион» акциясына кошууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде «Переходи на О! Регион» акция үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

  • «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандоо жана алмаштыруу мүмкүн;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 20 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 20 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

  • «Переходи на О! Регион» акциясындагы SIM-картаны активдештирүүдө «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул акциядагы SIM-карта жайгашкан смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;

  • Бул акциянын алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтарды топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты «учуу» режимине өткөрүү жана бул режимден чыгуу, андан ары маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;

  • Абонент 7 күндүн ичинде мобилдик интернеттин топтомун сарптабаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

  • «Переходи на О! Регион» акциясын которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «Переходи на О! Регион» акциясы боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • «Переходи на О! Регион» акциясы жүрүп жатканда, «5+5», «СУПЕРХАЙП», «GAMER», «O! Супер Бактылуу Сааттар», «Сенин күнүмдүк нөлүң!» «Сенин чексиздигиң» «Сенин нөлүң» (30 күн), «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң 3,6,12!» жана «Түнкү чексиздик+» акцияларын жана кызматтарын кошууга болбойт.

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулар жана КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

* «Переходи на О! Регион» акциясынын чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

  • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар - 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү)

  • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

  • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

  • Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашыкча колдонулган кызматтардын тарификациясы 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы - 1,18 сомду, же жөнөтүлгөн SMS - 1,50 сомду түзөт.

** Акция менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.