Последние новости
О! мобилдик операторунун Кыргызстандын алдыңкы банктарынын бири менен тыгыз кызматташуунун негизинде эми О! түйүнүнүн бардык абоненттери Optima24 мобилдик тиркемени баланс нөл болгондо да акысыз колдоно алышат. Бул тиркемесин колдонууда интернет-трафик О! түйүнүндө тарифтештирилбейт жана эсепке алынбайт.
«Кардарга, биринчи кезекте, ыңгайлуу болушу керек. Биздин бүткүл ишибиз абоненттерибизге максималдуу ыңгайлуулукту түзүүгө багытталган. Бүгүн кайсы бир кызматтарды төлөө үчүн смартфондон өткөн ыңгайлуу ыкма жок», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун маркетинг боюнча директору Дмитрий Жуков.
Акысыз Optima24 мобилдик тиркемесинин жардамы аркылуу Android жана iOS платформаларындагы өз мобилдик түзүлүшүңүздөн балансты акысыз толтуруп, коммуналдык жана башка кызматтарды төлөп, акча каражаттарды тез жана коопсуз башкарууга болорун эске салабыз.

Смотрите VI Всемирные игры кочевников в приложении O!TV

Скидки в O!Store ко Дню независимости и другие акции – добро пожаловать!
.png)
Праздничный график работы O!Store и офисов О!

Мобильный оператор О! – технологичный выбор нового поколения кочевников

От стажеров до архитекторов цифрового мира: кто создает экосистему О!
Все новости