Последние новости
«НУР Телеком» компаниянын төрт кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгын билдирет.
Коронавирус аныкталган кызматкерлер азыркы учурда обочолонуу режиминде. «Бекитилген алгоритмдерге ылайык, байланышта болгон кишилерди аныктоо иш-чараларынын баары аткарылды, кызматкерлер анализ тапшырып жатышат, күн сайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти компаниядан.
Компаниянын өкүлдөрүнүн сөздөрүнө ылайык, Өзгөчө кырдаал башталгандан баштап кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөгө өткөн. Компанияда белгилешкендей, иштеп жаткан сатуу жана тейлөө кеңселери абоненттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык талаптарына ылайык антисептиктер, беткаптар сыяктуу жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган, мындан тышкары, имараттардын ичи үзгүлтүксүз дезинфекцияланып, кызматкерлердин дене табы текшерилип, кардарларга аралыкты сактоо керектигин эскерткен маалымат баракчалары даярдалган, кызматкерлер күн сайын көрсөтмөлөрдү алып жатышат.
Эске салсак, илдет мурда компаниянын бир кызматкеринен аныкталган. Азыркы учурда ал стационардан толугу менен айыгып чыккан.
.png)
Мобильный оператор О! информирует

Памятка для клиентов О! + O!Bank: Что делать, если у вас украли смартфон?

О! усиливает 4G LTE по всей стране: ещё больше скорости и покрытия

Успей первым: Грандиозные 50%-скидки в O!Store на технику, аксессуары и рюкзаки!

Сети магазинов O!Store – 10 лет: большой юбилей и 10 крутых подарков!
Все новости