Последние новости
О! мобилдик оператору 4G Wi-Fi Wingle-ди арзан баада – болгону 1 сомго сатып алууга мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдайт. Мисалга, компаниянын абоненттери акциянын чегинде «Чексиз 4G» кызматын 2 айга кошкондо, 4G Wi-Fi Wingle-ди бир аз гана баага сатып алуу менен бир топ үнөмдөй алышат.
«Өлкөдө О!дон 4G-нын өнүгүшү менен бардык мүмкүндүктөрдү пайдаланууга мүмкүн болгон гаджеттерди сатып алууга болгон суроо-талап өсүүдө. Бул мобилдик интернет мобилдик байланышты керектөөчүлөрдүн арасында эң көп суралган кызматтардын бирин болгондугуна байланыштуу келип чыкты. Биз интернет-түзүлүштөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашырууну улантып жатабыз. Алгачкы жыйынтыктар өзүлөрү эле айтып жатышат, 4G-девайстарга болгон суроо-талаптардын эң жогорку көрсөткүчтөрүн көрүп жатабыз. Биз кардарларыбызды ыңгайлуу түзүлүштөр менен камсыз кылып, аларга жаңы мүмкүндүктөрдү ачып жатабыз. Элестетип көрсөңүз: түйүнгө чектөөсүз кирүү, чоң файлдарды жүктөө, жаңы жаңылыктар, актуалдуу музыка жана фильмдер, онлайн-оюндар жана тиркемелер – саналган секунддарда эле!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Бул түзүлүштүн негизги артыкчылыгы болуп колдонууда жөнөкөйлүүлүгү жана Wi-Fi аркылуу бир эле убакта бир нече түзүлүшкө 4G интернет тарата алышы. Иштөөсү үчүн атайын программалык камсыздоолорду орнотуу талап кылынбайт, SIM-картаны гаджеттин ажырымына салып, аны USB-порттон күйгүзүү керек. Интернет тармагына кошулуу жана Wi-Fi таратуу автоматтык түрдө жүрөт.
60 күнгө «Чексиз 4G» кызматын кошуу баасы - 2780 сом.
Акция Бишкек ш., Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын, ошондой эле Кара-Көл жана Токтогул ш. аймактарында жүрүп жатат.
Түзүлүштөрдү акция боюнча О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же Бишкек ш. боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот.
Акциянын шарттарынын кенен баяндалышы менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg же 737 кыска номери (О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн чалуу акысыз) боюнча таанышууга болот.
О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!

Подарки от Honor в O!Store: ТВ, планшеты, часы и смарт-гаджеты!

Быть ближе еще выгоднее: О! дарит скидки на семейное подключение
.png)
Мобильный оператор О! информирует

Стань QA/SDET-инженером! Открыт набор на бесплатную стажировку InternLabs от О!

Готовимся к учебе с «Мой О!»: тарифы от 95 сомов, оплата учебы и кешбэк
Все новости