Акыркы жаңылыктар

Apple фанаттары үчүн сонун жаңылык: жакынкы мезгилде O!Store дүкөндөр тармагына көптөн күткөн iPhone 17 смартфондору келет! Октябрдын аягы – ноябрдын башында келиши күтүлүүдө.
Бардык смартфондор баштапкы төгүмсүз жана ашыкча төлөмсүз 12 айга чейин бөлүп төлөөгө жеткиликтүү.
iPhone 17 – бул Apple технологияларын өнүктүрүүнүн кезектеги кадамы. Түзүлүш кыйла ичке алкактуу жаңы дизайнга, кубаттуу A19 Bionic процессоруна, нейротартуу технологиясы жана жакшыртылган түнкү режим менен мыкты камерага ээ. Жаңы Super Retina XDR дисплейи таасирдүү жарык менен энергиялык майнаптуулукту камсыз кылса, жаңы муундагы батареясы кыйла көп убакытка чыдамдуу.
Эмне үчүн iPhone 17 смартфонун O!Store дүкөнүнөн алган туура?
O!Store дүкөнүндөгү смартфондордун баары расмий IMEI каттоосунан өткөрүлөт. Бул Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн өтө маанилүү, анткени каттоодон өтүшү жаңы түзүлүштөрдүн бөгөттөлүп калууга байланыштуу «күтүлбөгөн белеги» жок өлкөнүн бардык тармактарында туруктуу иштей турганын кепилдейт. Аларды O!Store дүкөндөрүнөн сатып алуу менен сиз iPhone түзүлүшүңүздүн мыйзамдуулугу жана үзгүлтүксүз иштөөсү жагынан толук ишеничте болосуз.
Дагы бир маанилүү нерсе: O!Store дүкөндөрүнөн сатып алынган iPhone смартфондоруна 1 жыл кепилдик берилет.
Кыргызстандан iPhone 17 смартфонун алгачкылардан болуп тосуп алуу үчүн O!Store жаңылыктары менен таанышып туруңуз.
Кредит «О!Банк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лиц. Толук маалымат obank.kg сайтында.
«НУР Телеком» ЖЧКнын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар