Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору ѳзүнүн абоненттерин тейлѳѳ системасын мыктылоону улантууда.
WhatsApp аркылуу 0705 700 700 номерине сурооӊузду жазып жибериӊиз
Муну ишке ашыруу ыӊгайлуу болушу үчүн кыскача видеонускаманы кѳрүп чыгыӊыз.
Мобилдик байланыш жана интернеттин иштѳѳсү боюнча бардык маселелер линияда жоопту күтүп отурбастан ыкчам эле чечилет.
Эгер суроону ѳз номериӊизден жазып жатсаӊыз, сиз автоматтык түрдѳ верификацияланасыз, демек, убактыӊыз да үнѳмдѳлѳт;
Эгер башка абоненттин атынан сурам жибере турган болсоӊуз, анда ал абонент ѳзүнѳ келген SMSке жооп катары ырастоо кодун жѳнѳтүүсү зарыл.
Буларды аткарган соӊ тариф, кызматтар жана башкалар боюнча керектүү маалыматты ала аласыз. Сурамыӊызга түшүндүрмѳ берүү максатында керектүү скриншотту, фотосүрѳттү, видеону тиркеп, же болбосо добуштук билдирүүнү жазып койсоӊуз болот.
О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы Telegram платформасында: http://t.me/o_mobile_operator_bot, www.o.kg сайтындагы онлайн-чатта жана «Мой О!» тиркемесинин «онлайн-колдоо» бѳлүмүндѳ да жеткиликтүү. Байланыш кызматтары жана мобилдик интернет боюнча консультацияны Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube, Twitter социалдык тармактарынан же Diesel форумундагы темага тиешелүү «Уюмдар» бѳлүмүнѳн жеке билдирүүлѳр аркылуу ала аласыз.
Ар дайым жардам берүүгѳ даярбыз,
О! командасы.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар