Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» мобилдик тиркемеси менен жакындарга кам көрүү жеңилирээк жана ыңгайлуураак боло баштады!
Жаңы «Менин номерлерим» функциясы балдарыңыздын, ата-энеңиздин же досторуңуздун дайыма байланышта болуусу үчүн балансын көзөмөлдөөгө жана убагында толуктоого мүмкүнчүлүк берет.
«Менин номерлерим» кызматы төмөндөгүлөргө жардам берет:
Кошулган номердин гигабайттарынын жана мүнөттөрүнүн калдыгын көзөмөлдөөгө;
Тиркемеден чыкпай туруп «О!Деньги» капчыгы аркылуу абоненттин балансын дароо толуктоого;
Керектүү кызматтарды кошууга;
Тарифти алмаштырууга.
Активдештирүү үчүн керектүү контактты «Менин номерлерим» бөлүмүнө киргизүү жана абоненттен номерди башкарууга макулдугун алуу гана жетиштүү. Жалпы 50гө чейин контакт кошууга болот. Жана эң жагымдуусу, мунун баары толугу менен акысыз!
Номерлерди башкаруудан тышкары «Мой О!» функционалдык мобилдик тиркемеси аркылуу төмөндөгүлөрдү ишке ашырса болот:
«О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернетти, онлайн-оюндарды төлөө;
«Коопсуз шаар» тутуму боюнча штрихкоддун жардамы менен ЖКК айып пулдарын төлөө;
Банктык карталарды балансты толуктоо жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кошуп алуу;
O!Store интернет-дүкѳнүнѳн сатып алууларды ишке ашыруу.
Тиркемени жүктөп алуу: http://o.kg/l/myo.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар