Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору жана Huawei Mobile Kyrgyzstan компаниясы социалдык тармактарда биргелешкен конкурстарды өткөрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт. Байге фондун беш заманбап көп функционалдуу смартфону: Huawei P9, Huawei P9 Lite, Huawei Y5 II, Huawei GR3 и Huawei Y3 II түзөт. Ошондой эле мобилдик түзүлүштөрдөн тышкары жеңүүчүлөр тармак ичинде 30 күн акысыз чалуу жана чексиз интернет алышат. Ойнотуулар О!нун расмий баракчаларында Facebook, Instagram, Odnoklasskiniki жүрүп жатат. Конкурска катышуу үчүн бир нече жөнөкөй шарттарды аткаруу керек.
«Биздин O!Store жана shop.o.kg дүкөндөрүбүз Huawei дүйнөлүк өндүрүүчүдөн жаңы смартфондорду рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүп жатышат. О! мобилдик операторунун жогорку ылдамдыктагы тармагында иштеген сапаттуу жана арзан Huawei түзүлүштөрү биздин абоненттерибиз үчүн алыстан иштөөгө, көңүл ачууга жана жакын адамдар менен сүйлөшүүгө ишенимдүү жардамчы боло алат деп ишенем. Биздин конкурстардын чегинде сизде Huawei смартфонунун биринин ээси болуп калуу мүмкүнчүлүк бар!», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Конкурс 24-октябрда аяктайт. Жеңүүчүлөр сандардын кокус көз карандысыз генератору Random-дун жардамы менен аныкталат.
Huawei смартфондорун O!Store дүкөндөрүнөн жана shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алсаңыздар болорун эске салабыз. Huawei смартфондорунун артыкчылыктары менен биздин сайте сайттан таанышыңыздар.
Кошулуңуздар, катышыңыздар, акыркы жаңылыктардан кабардар болуңуздар жана пайдалуу белектери утуңуздар!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар