Акыркы жаңылыктар
Коронавирустун айынан көпчүлүк кыргызстандыктар эми үйдө иштеп жатышат. Банктар, IT-компаниялар жана көпчүлүк ишканалар өз кызматкерлерин үйдө иштөөгө жибергендиктери тууралуу билдиришти. Натыйжада эмне болот?
Европанын, Россиянын, андан кийин Казакстандын тажрыйбасы тармактык трафиктин өсүүсүн көрсөтүп жатат. Чет мамлекетте орточо жүктөм 20%га өстү. Мисалы, Европада Netflix стримингдик сервиси жакын арадагы 30 күнгө өз трансляцияларынын сапатын төмөндөткөндүгүн жарыялады. Максат – интернет-провайдерлердин жүктөмдөрүн азайтуу. YouTube видеохостинги дагы «жалпы кызыкчылыктар үчүн» көрсөтүүлөрүнүн сапатын төмөндөтүү боюнча чечимин да билдирди. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг анын платформасында дагы активдүүлүк көбөйө баштагандыгын билдирди. Цукербергдин сөздөрүнө карай турган болсок, «Фейсбуктагы» активдүүлүк бүгүнкүгө чейин жыл сайын Жаңы жыл түнүндө гана болчу, бирок азыр бул рекорд эскирип калды десек болот.
Кыргызстанда да мобилдик тармактарга жүктөмдөр көбөйүп жатат. Муну кыргызстандыктардын өз алдынча изоляцияга чыккандан баштап, онлайн көңүл ачуучу жана билим берүү контентине көбүрөөк кире башташкандыктары менен түшүндүрсөк болот. Мында YouTube, Instagram, Facebook тиркемелеринде, түрдүү онлайн-стримингдик сервистеринде, Whataspp жана Telegram мессенжерлеринде, Skype, Zoom видеокоммуникациялары үчүн каражаттарында, онлайн-оюндарында жана башка тиркемелерде трафик бир кыйла өскөн.
Бул абал боюнча О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко түшүндүрмө берди.
- Азыркы учурда Компания сыйымдуулук жана камтуу боюнча бүт Кыргызстан боюнча эң ири 4G LTE тармагынө ээ. Ооба, тармактын сыйымдуулугу былтыркыдан бери 2 эсеге өскөн. Бирок, азыркы этапта, трафиктин 20%-40%га чейинки болжолдонгон бир учурлук көбөйүүсү жана анын борбордон аймактарга кайрадан бөлүштүрүлүүсү тармактарга ашык жүктөмгө алып келет, жана балким тармак толугу менен деградацияга дуушар болбошу үчүн сервистердин жана интернет-ресурстардын бир бөлүгүн колдонууга эрксиз чектөө коюу боюнча чараларды кабыл алышыбыз керек болот. Азыркы учурда мобилдик байланыш негизги кызматтардын координациясы жана уюшкандыгы үчүн алдыңкы катарда иштеп жаткан бардык кишилер үчүн өтө маанилүү нерсе. Өз тарабыбыздан биздин команда тармактын жана бардык сервистердин штаттык режимде иштөөсүн камсыздоо үчүн болгон аракетибизди жумшай тургандыгыбызды билдиребиз.
О! Мобилдик оператору кошумча чаралар катары шашылыш түрдө интернет каналдарын кеңейтти. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын шарттарында компаниянын техникалык командасы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү улантылууда. Учурдан пайдаланып, О! Мобилдик оператору убактылуу ыңгайсыздыктар учурунда түшүнүү менен кабылдаган колдонуучуларга ыраазычылык билдирет жана алыс жайгашкан калктуу пункттар менен бирге бүт кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылуу үчүн болгон аракетин жасайт.
Чет өлкөлүк адистердин божомолдоруна ылайык, карантин учурунда дүйнө жүзү боюнча байланыш тармактарына жүктөмдөр өсө баштайт жана учурдагы көрсөткүчтөрдүн дагы 20%-40%га чейин өсүүсү күтүлүүдө.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар