Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын технологиялык баштап жүрүүчүсү О! мобилдик оператору роуминг үчүн пайдалуу сунушту - «Roaming KZ» топтомун коё бергендиги жөнүндө маалымдайт. Эми О!нун Казахстанда жүргөн абоненттеринде роуминг топтомун колдонуу менен, Алтел, Теле2 жана Кселл тармактарында кирүүчү жана чыгуучу чалууларга өз чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүгү бар. Бул топтом жеке абоненттер үчүн О! тармагында 10 мүнөт кирүүчү добуштук чалууларды жана 10 мүнөт чыгуучу добуштук чалууларды камтыйт.
«Казахстан биздин абоненттерибиздин арасында эң популярдуу багыттардын бири болуп саналгандыктан, биз жаңы жөнөкөй жана түшүнүктүү сунуш иштеп чыктык, анын натыйжасында роумингде байланышка бир топ үнөмдөөгө болот. «Roaming KZ» биздин кардарларга арзан баада чалып, чалууларды кабыл ала алышына мүмкүндүк берет жана баарлашуу үчүн жетиштүү болгон чектөөнүн алкагында өз балансын текшерип убара болушпайт. Жакындарыңыз менен байланышта болуңуздар жана саякаттоо учурунда да өз эмоцияларыңыз менен бөлүшүңүздөр!», - деп компаниянын интерконнект жана роуминг кызматынын жетечиси Роман Литвинов белгиледи.
«Roaming KZ» кызматын кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенче *996*77# буйрутмасын терүү керек. Топтомдо калган пайдаланылбаган мүнөттөрдүн көлөмүн *996*77#1# терип текшерсе болот.
Топтомду кошуу баасы - 300 сом (баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү). «Roaming KZ» топтомдорунун иштөө мөөнөтү кошкон учурдан тартып 7 күндү түзөт.
Жаңы кызматтын шарттары менен кененирээк компаниянын www.o.kg расмий сайтынан Роуминг бөлүмүнөн биле аласыздар.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар