Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору 6 күндөн кийин SIM-карталарды каттоо мөөнөтү аяктарын эске салат. О!нун каттодон өтпөгөн бардык абоненттери оператордун сатуу жана тейлөө кеңселерине тезинен келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык О! мобилдик оператору компания менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотот.
Номерди өчүрүп салбас үчүн О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңсесине тезинен кайрылып, оператор менен келишим түзүү зарыл. Жанында өздүктүгүн ырастаган документ (паспорт, аскердик белет, айдоочулук күбөлүк) болуш керек. Эгер абонентке 16 жаш толо элек жана анын паспорту жок болсо, анын ата-энеси же жакындары келишим түзө алышат. Номерди айкындоо акысыз жүрүп жатат.
SIM-карталарды каттоо жол-жобосун жеңилдетүү үчүн О! мобилдик оператору номерлерди алдын ала онлайн-каттоо формасын www.o.kg/ru/obslujivanie/reg иштеп чыкты. Аны сатуу кеңсесине келерден мурун толтуруп койсо, абонент айкындоо убактысын бир топ кыскартат.
Номер катталган же катталбагандыгын билүү үчүн телефондон *212# буйрутмасын терүү керек.
Келишим түзүү кардарга бир нече артыкчылыктарды берет:
Бардык керектүү маалымат жана каттоо өтө турган даректери бар жайлардын тизмеси - расмий сайтта www.o.kg.
О! мобилдик оператору каттоо жол-жобосун дароо азыр өтүүнү сунуштайт!

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар