Акыркы жаңылыктар
Биз 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгын белгилѳѳгѳ даярдык кѳрүп жатабыз.
9-майдын мурунку күнү О! Мобилдик операторунун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.
Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда 234 ардагер жашайт. Компания ардагерлерибиздин ар бирине ичинде азык-түлүк топтому бар белектерди таратты. Тизме КР Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаменти тарабынан берилген.
Баатырларыбызды куттуктоо иш-чарасы бүтүндѳй ѳлкѳ аймагында ишке ашырылды. Алардын дээрлик бардыгынын курагы 100 жаштын тегерегинде! Ардагерлер келген ар бир конокко кубанып, башынан ѳткѳндѳрдү баяндап, акыл-насаатын айтат.
Ооба, алар биздин бүгүнкү тынчтыгыбыз, ачык асманыбыз үчүн душмандар менен согушууда бардык күч-кубатын жумшашкан. Фронтто согушкан, тылда күрѳшкѳн, ѳлкѳгѳ жаӊы жашоо тартуулаган баатырларыбызды чексиз урматтоо менен, тереӊ таазим этебиз!
Жеӊиш күнүнѳ арналган салтанатка чейин жашабай кеткендер түбѳлүк эсибизде калат. Улуу Ата Мекендик согуш, Улуу Жеӊиш күнү ар дайым биздин жүрѳгүбүздѳ жашап келет жана муундан-муунга ѳтѳт.
Баатырларга даӊк!
O!Store'дон Honor белектери: телевизор же экинчи смартфон!

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк
Бардык жаңылыктар