Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору абоненттердин көңүлүн көбөйүп бара жаткан телефондук алдамчылык фактыларына бурат. Алдамчылар колдонуучуларга телефон чалып, өздөрүн компаниянын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, «номерди бир жылга же 10 жылга узартууну» сунушташат.
О! оператору расмий түрдө билдирет
· оператор телефон чалуу аркылуу келишимдерди жана номерлерди узартпайт;
· оператор эч качан абоненттерден SMS-коддорду сурабайт.
Номерди абонент өзү гана сактай алат
Номер көп убакыт колдонулбаса күйүп кетет, тактап айтканда: 180 күн бою балансты толуктабасаңыз жана чалууларды жасабаңыз, SMS жөнөтпөсөңүз же Интернетке кирбесеңиз.
Чет өлкөдө болуп абонент өз номерин эки жол менен өз алдынча сактай алат:
1. балансты үзгүлтүксүз толуктоо жана чалууларды жасоо, SMS жөнөтүү же Интернетти колдонуу, анын ичинде роуминг учурунда;
2. же болбосо «Номерди сактоо» тарифинин жардамы менен, мында 90 күндө бир жолу балансты болгону 150 сомго толуктоо жетиштүү.
О! мобилдик оператору абоненттерге сак болууну сунуштайт:
· Үчүнчү жактарга SMS'тен коддорду БЕРБЕҢИЗ,
· Сиз баштабаган иш-аракеттерди ЫРАСТАБАҢЫЗ,
Эгерде сизде кандайдыр бир шектенүүлөр болсо, колдоо кызматына кайрылыңыз же О! операторунун расмий каналдарында маалыматты текшериңиз.
О! күнү-түнү колдоо кызматы
· WhatsApp'та: https://wa.me/996705700700
· Telegram'да: @o_mobile_operator_bot,
· o.kg сайтындагы онлайн-чатта.
Бренддин расмий маалыматына көз салуу үчүн Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter (X) социалдык тармактарындагы оператордун расмий баракчаларына жазылыңыз.
Өзүңүздүн маалыматтарыңызды сактаңыз жана сак болуңуз.
КР МТжБМК караштуу МБК лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар