Акыркы жаңылыктар

14-февраль Махабат күнү жакындап калды. Сүйүктүүңүзгө кандай белек берүү жөнүндө ойлондуңузбу?
O!Store дүкөндөр тармагы мааниси бар белектер үчүн бир нече идея сунуштайт. Булар сиздерди бириктирип турган белектер!
Кооз цифралуу номерлердин жубу – экөөңөргө маанилүү күн жөнүндө ар дайым эскертип туруучу өзгөчө номерлерди тандап алыңыз. Бул сүйүктүүңүздүн туулган күнү, баш кошкон күнүңөр же сиздер үчүн маанилүү цифралардын комбинациясы болушу мүмкүн.
Жүрөктүн кагышын өлчөйт, башка функциялары да бар…
Фитнес-билерик — бул стилдүү, ыңгайлуу жана бышык. Эң бюджеттүү Xiaomi вариантынан ар бир спортчу кыялданган легендалуу Garmin вариантына чейин караштырса болот.
Сүйүктүүңүздү зымдардан жана розетка издөө убарасынан арылтыңыз
Жакыныңыз жолдо же көчөдө көп жүрсө, жакшы повербанк ар дайым пайдалуу боло алат. Сыйымдуу батареялуу моделди тандаңыз - жок дегенде смартфонду жети жолу заряддоого жетет.

Ортоңордогу сүйүү төмөнкү смартфондордун батареясы сыяктуу өчпөс болсун:
Vivo Y22 — 5000 мАч
Samsung A03S — 5000 мАч
Xiaomi Poco M4 Pro 5G — 5000 мАч
Infinix HOT 12 Play — 6000 мАч
Tecno Pova 2 — 7000 мАч

Ушул жана башка смартфондорду O!Store дүкөнүнөн айына 1099 сомдон баштап бөлүп төлөөгө же баштапкы төгүмсүз жана пайызсыз кредитке алууга болот. Ойлонуп көрүңүз!
«Мой О!» тиркемеси менен белек берүү оңой
Алыстан көңүл бөлүү, мисалы интернет белек кылуу мүмкүн. Болгону жакындарыңыздын номерин «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлериме» кошуп, алардын балансын толуктап бериңиз. Түз эле тиркемеден «О!Деньги» капчыгы аркылуу көптөгөн белектер үчүн төлөп, сюрпризди «Жеткирүү» бөлүмүнөн курьер аркылуу алдыра аласыз. Бул китеп, гүлдесте же өзүңүзгө жаккан жайдан даамдуу белек болушу мүмкүн - баары фантазияңызга жараша.
Ар дайым сүйүктүүңөр менен чогуу болгула!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар