Акыркы жаңылыктар
Бишкек жана Чүй облустарынын O!Store дүкөндөрүнө Ninebot электр самокаттары келип түштү – ылдам, ыңгайлуу, жеңил жана экологиялык!
Үй-иш-үй, шаар ичинде бизнес жүрүштөр, дүкөнгө баруу – бир нече мүнөтүңүздү гана алат. O!Store дүкөндөрүнүн консультанттары сиздерге ылайыктуу моделди тандоого жардам беришет.
Ninebot электр самокаттарынын артыкчылыктары:
Үнөмдүүлүгү. Электр самокаттар менен сиз үп маршруткада тыгылбайсыз, ошондой эле таксиде жүрүүдөн үнөмдөп, автоунааңыз үчүн ашык май дагы куйбайсыз.
Аккумуляторду заряддоо үчүн стандарттык электр тармагына 3,5 сааттан кем эмес туташтыруу керек.
Унаа токтотуу жайын издөө менен баш катырбайсыз. Самокатка гараждын кереги жок, аны бир жерден экинчи жерге ташуу да жеңил, буга кошумча катары, ал ыңгайлуу түрдө бүктөлөт жана аз эле жерди ээлейт.
Кубаттуу электр мотору саатына 25 чакырым кыймылды жана 25 чакырымга чейинки жүрүш узактыгын камсыздайт.
Дөңгөлөктөрдүн амортизациясы ар кандай аймакта жеңил айдоого шарт түзөт – парктан короолордун жолдоруна чейин.
Жогорку деңгээлдеги коопсуздук: самокаттардын күчтүү жарыктандыруучу фарасы бар жана габариттик стоп-сигналдар менен жабдылган.
100 кг чейинки салмактагы колдонуучуларга ылайык моделдери бар.
Самокаттын ишин башкаруу жана контролдоо абдан оңой – дисплей ылдамдыкты жана калган зарядды көрсөтүп турат.
Сиз айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окууга жана сынак тапшырууга убакыт коротпойсуз. Турдуңуз да, кеттиңиз!
Бардык самокаттарга өндүрүүчүнүн кепилдиги бар – 6 ай. Каалаган моделди O!Store дүкөндөрүнөн баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз бөлүп төлөөгө сатып алуу каралган.
Сиздин ыңгайлуулугуңуз менен коопсуздугуңуз үчүн шлем, баштык же отургучту кошумча сатып алсаңыз болот.
ostore.kg сайтынан же 0 705 007 000 телефону аркылуу керектүү моделдин бар экендигин тактап жана электр самокатына тапшырык бере аласыз.
Товар тастыкталган, товардын саны чектелүү. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет, банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лицензиясы: №037.

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар