Акыркы жаңылыктар

O!Store ар дайым кардарларына кам көрүү менен, пайдалуу акцияларды жана жагымдуу сюрприздерди сунуштап келет. Азыркы тапта сизде смартфонуңузду жаңыртуу үчүн гана эмес, кепилденген белек алуу үчүн дагы эң сонун мүмкүнчүлүк бар!
14-февралдан 10-мартка чейин Realme же Vivo смартфонун сатып алган учурда, көңүлүңүзгө жаккан белекти: портативдик колонка, караоке-система же зымсыз кулакчын тандап алып кетсеңиз болот. Бул жөн эле пайдалуу сунуш эмес, бул - алдыдагы 23-февраль жана 8-март майрамдарына карата өзүңүзгө жана жакындарыңызга кубаныч тартуулоо үчүн мүмкүнчүлүк.
Realme — күчтүү процессорго ээ жана тез кубатталуучу стилдүү жана технологиялуу смартфондор, ал эми Vivo мыкты камералары жана элеганттуу дизайны менен белгилүү. Аталган бренддер алдыңкы технологиялары менен жеткиликтүү баасынын натыйжасында дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ боло алды.
Белектер сизди O!Store дүкөнүнөн күтөт, бирок акциянын мөөнөтү чектелген. Белегиңизди алып кеткенге жетишип калыңыз!
Смартфонду O!Store дүкөнүнөн баштапкы төгүмсүз жана ашыкча төлөмсүз пайдалуу шарттарда бөлүп төлөөгө же кредитке алсаңыз болот. Суроолоруңуз барбы? Анда 0705007000 номерине чалыңыз же ostore.kg сайтынан консультанттарга жазыңыз.
«Realme жана Vivo смартфондорун сатып алууда кепилденген белек» акциясы 14.02.2025-жылдан 10.03.2025-жылга чейин (камтуу менен) O!Store дүкөндөрүнүн баарында өтөт. Товарлардын жана белектердин саны чектелген. Белектер дароо ошол жерден берилет. Белектер сүрөттө көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланышы мүмкүн. Смартфондор тастыкталган. Акция тууралуу толук маалыматты 0705007000 номери аркылуу же ostore.kg сайтынан ала аласыз.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын 06.12.2016-ж. КР МБТМК караштуу МБА №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар