Акыркы жаңылыктар
Быйылкы жаздын көптөн бери күттүргөн смартфондорунун бири - Honor 10 флагманы сатыла баштады. Бул смартфон Бишкек шаарынын 15 O!Store дүкөндөрүндө дароо азыр сатылып жатат. Жакын арада бүт өлкө боюнча бардык O!Store дүкөндөрүнөн смартфонду сатып алса болот.
O!Store дүкөндөрүндөгү бардык смартфондордой эле Honor10 смартфону дагы баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз 3 же 6 ай мөөнөткө – айына 4499 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү.
Honor 10 – бул замандын талабына жооп берген сонун, кубаттуу апппарат. Мында жасалма интеллект дагы, алкаксыз экран дагы, флагмандык камера дагы, ылдам зарядка да бар.
Тышкы көрүнүш. Смартфон эки түстө: кара жана жылтыраган көк түстө жеткиликтүү. Бир нече катмардан турган арткы капкагы жарыктын чагылышынын 36 спектрин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет, көз карашты тартат жана өзүнө кайра кайра каратат. Абдан эффективдүү көрүнөт.
Алдыңкы процессор. Нейроморфтук блок менен айырмаланган Kirin 970 процессору толугу менен жасалма интеллектке, нейротармактарга, машиналык окутуу жана көрүү менен байланыштуу милдеттерге толугу менен арналгандыктан, смартфон өз ээсинин жүзүн жакшы тааныйт, негизги камерада тартылган сүрөттөрдү жакшыртат жана талапты жогору коюучу оюндар да колунан келет
Суперкамера. Жасалма интеллект менен 24 МП + 16 МП камералар кесипкөй сүрөттөрдү тартууга мүмкүндүк берет, сатып алуунун негизги себеби анын башкалардын арасынан айырмаланып тургандыгында.
Инновациялык Honor 10 смартфонун сатып алууда заряддык түзүлүштөн тышкары стандарттык комплектациянын ичине коргогуч плёнка жана тунук кап кирет.
Смартфондордун саны чектелүү. Шашылыңыздар!
Толук маалыматты жана конкреттүү моделдин бар экендигин 0705 007 000 телефону,интернет-дүкөнүнүн ostore.kg сайты жана O!Store дүкөндөрү аркылуу билсеңиз болот.
Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!
Бардык жаңылыктар