Акыркы жаңылыктар
№68 мектеп-гимназиясынын аймагында жаңы бактар пайда болду – өткөн ишемби күнү О! Мобилдик оператору жыл сайын өткөрүлүүчү «Бак Отургуз!» акциясын ишке ашырды. Иш-чара жалпы шаардык ишембиликтердин алкагында өттү: компания шаардын мектептерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө үзгүлтүксүз жардам берип келет.
Компаниянын кызматкерлери мугалимдердин жамааты менен болочок гүлбакчага тик өскөн туяларды отургузушту. Мектептин жамааты көрсөткөн жардамдары жана бул ишти уюштургандыктары үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен иш-чарадан абдан канааттангандыгын билдиришти.
Мектептин директору Канымжан Өмүрова: «Биз бул жерге окуучуларыбыз жана шаардыктар үчүн эс алуу үчүн жайлуу бурч даярдоону пландаштырып жатабыз. Биздин бул демилгеге О! Мобилдик оператору жардам берип жатат. Чогулгандардын баарына ыракмат! Бүгүн биз абдан жакшы иш жасадык жана балдарыбызга мыкты үлгү көрсөттүк».
«Бул О! Мобилдик оператору шаарга тартуулаган жашыл бактар өсүп жаткан төртүнчү мектеп болуп саналат, – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко. – Шаарыбыздын «өпкөлөрүн» калыбына келтирүүгө салым кошуп жаткандыгыбыз жана өзүбүздөн кийин жакшы сөздөрдү калтыргандыгыбыз үчүн кубанып жатабыз».
Шилтеме боюнча видеоотчетту көрүңүз: https://youtu.be/QGTfgyr9Ajk

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар