Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору «Сенин нөлүң» популярдуу тарифтеринде максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомдун көлөмүн 2 эсеге көбөйтүп жаткандыгын жарыялайт. Мында абоненттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрү мурдагыдай эле калат. «Сенин нөлүң» тарифтеринин бардык пайдалануучулары эки эселенген көлөмдөрдү бүгүнкү күндөн баштап сезе башташат.
Эми «Сенин нөлүң 7 », «Сенин нөлүң 30», « Сенин нөлүң 7 Түштүк» жана «Сенин нөлүң 30 Түштүк» тарифтеринин пайдалануучулары 150 МБ интернет-трафиктин ордуна, ошол эле акчага эки эсе ылдамдыктагы 300 МБ интернет-трафикти күнүнө сарптай алышат.
«Биз өзгөрүүлөр болот деп сөз бергенбиз – сөзүбүздү аткарып жатабыз! Өзгөрүүлөр Кыргызстандын рыногуна жаңы уникалдуу кызматтарды киргизүүгө гана эмес, иштеп жаткан тарифтердин шарттарын жакшыртууга да тиешелүү. Ошентип, биздин абоненттер жактырган «Сенин нөлүң» тарифтери мурункудан да пайдалуураак болуп калды.Максималдуу ылдамдыктагы интернеттин көлөмүн көбөйтүү – бул биздин заманбап чындыктарга жана ар түрдүү каналдар – социалдык тармактар, маалыматтык-сурап билүү кызматы, сатуу жана тейлөө кеңселери аркылуу чогултулган кардарларыбыздын кайрылууларына жооп болуп саналат. Кошулуңуздар! Өзгөрүүлөр эми гана башталууда!» - деп билдирди компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
«Сенин нөлүң» тарифтеринин жардамы менен О! Мобилдик операторунун абоненттери О! тармагынын ичинде бири-бирине АКЫСЫЗ чалып, SMS жөнөтө алышат, стандарттык гудокторду сүйүктүү обондорго же тамашаларга алмаштырып, ошондой эле жеткиликтүү баада чексиз интернет менен пайдалана алышат.
О! тармагынын ичинде баарлашуу үчүн тарифтерди башкаруу боюнча толук маалымат компаниянын www.o.kg расмий сайтында жеткиликтүү.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар