Акыркы жаңылыктар
Күнүмдүк убаракерликтен алыстап, ачык асман алдында O!PEN AIR 2017 сезимдерге боштондук берүүгө чакырабыз. 15-маракелүү фестиваль, анын уюштруучусу – О! мобилдик оператору жана Promzona клубу, Promzona клубунун чоң сахнасында 22-июлда саат 15.00 дө болот.
O!PEN AIR 2017 фестивалы – бул драйвдын жана мыкты музыканын сонун сапатынын концентрациясы. Фестивалды чоң сахнанын дебютанттары RMD тобу (Render my dreams) ачат, Бишкек шаарынын эң кызыктуу автордук коллективдеринин бири – VESTA тобунан рок-эстафетаны кабыл алат, ошондой эле рок-тусовканын эң көрүнүктүү өкүлдөрү - Свободный Режим тобу. Ал эми кеченин так кызуусунда фирмалык музыканын баалоочулары, балким, борборубуздун эң улуу жана бир башкача өзгөчөлөнгөн бэнди - «МузEcology»-нын чыгышы менен ырахаттана алышат, ал эми Promzona клубунун резиденти хэдлайнер – укмуштуудай MARS'эль-дин чыгышы баарын сүйүнтөт.
Фестивалдын атайын коногу – фристайлдын жана альтернативдүү музыканын гурусу, легендарлуу – Noize MC!
Жандуу үн, өлкөнүн мыкты музыканттары жана эң сонун эмоциялардын селдей капташы. O!PEN AIR 2017-ге кирип калууга шашылыңыздар.
Билеттерди О! мобилдик операторунун кеңселеринен сураңыздар. Расмий өнөк - «Балтика» компаниясы. Кенен маалымат 766, 0312 900 244 номерлери боюнча жана openair.o.kg сайтында.
Видеоанонс: https://www.youtube.com/watch?v=ltrhCMEPsuY

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар