Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору 4G LTE тармагынын камтуусу менен сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча пландуу жумуштары тууралуу маалымдайт.
Чүй облусунун калктуу пункттарында байланыш сапаты жакшыртылды: Бишкек, Токмок, Кемин шаарларында, ошондой эле Алмалуу, Дружба, Виноградное, Александровка, Беловодское, Көк-Жар, Арашан айылдарында. Ысык-Көл облусунун популярдуу туристтик жерлеринин аймагында сигналды сапаттуу кабыл алуу камсыздалды: Каракол, Балыкчы шаарларында, Совет, Зындан, Ак-Чий, Бостери, Богатыровка, Темировка, Теплоключенка, Боз Учук, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Кичи-Жаргылчак, Оттук, Түп айылдарында. Модернизация жумуштары Талас облусунун Покровка айылын, Нарын облусунун Ат-Башы жана Кара-Суу айылдарын камтыды. Ош облусунун Ош шаарында, ошондой эле Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында, Баткен облусунун Кыштут, Паксы-Арык айылдарында жумуштар аткарылды.
Аткарылган жумуштар сигналды берүүнүн сапатын жана маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгын жакшыртууга шарт түздү.
«Сиздер убактылуу үйдө калууга мажбур болуп жаткан учурда, биз бул убакытты максималдуу жайлуу жана кызыктуу өткөрүү үчүн аракетибизди жумшоодобуз. Мындай оңой эмес кырдаалда мессенжерлерге, социалдык тармактарга, жаңылыктарга, фильмдерге жана музыкага кирүү мүмкүнчүлүгү жана ар дайым байланышта болууңуз үчүн биз сиздерди ылдам интернет менен камсыз кылууга аракет жасап жатабыз», – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! тармагынын 4G LTE тармагынын туруктуу камтуу аймагында Кыргызстандын тургундарынын 97%ы жашайт. О! Мобилдик операторунун LTE тармагы ири облустук борборлорду гана эмес, мобилдик байланыштын болушу социалдык мааниге ээ болгон алыс жайгашкан айылдарды да камтыйт. О! Мобилдик операторунун техникалык адистери өз жетишкендиктери менен эле чектелип калбайт, алар тармакты өркүндөтүү боюнча тынымсыз жумуштарды аткарып келишет.
О! тармагынын камтуу картасы жана О! тармагынын өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар www.o.kg сайтында жайгаштырылган.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар