Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы менен кызматтарды төлөө оңой, кыйла ыңгайлуу жана пайдалуу болуп калды!
Эми «Бай Түшүм» банкынын карталарын «О!Деньги» капчыгы аркылуу толуктоодо жана кредиттерин төгүүдө комиссия алынбайт! Мындан тышкары, комиссия О! төлөм терминалдарынын баарында нөлгө түшүрүлдү.
Капчык аркылуу кантип карталарды толуктоого же кредиттерди төлөөгө болот:
1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.
2. «Каталог боюнча издөөнү» басып, «Бай Түшүм» деп киргизиңиз жана карталарды толуктоону же кредиттерди төлөөнү тандаңыз.
3. Эсептин номерин, сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз.
Төлөө дүмүрчөгүн галереяга оңой эле сактап же мессенджерге жиберип койсо болот.
Ал эми дайыма аткарылуучу операциялар үчүн тиркемеден керектүү убакта автотөлөм функциясын же төлөм тууралуу эскертүүнү ырастап коюу мүмкүндүгү бар.
О! төлөм терминалдары аркылуу кантип карталарды толуктоого же кредиттерди төлөөгө болот:
1. «Финансы кызматтары» бөлүмүн, андан соң «Банк кызматтарын» жана «Бай Түшүм банкын» ачыңыз.
2. «Картаны толуктоону» же «Кредит төлөөнү» тандаңыз.
3. Эсептин номерин киргизип, купюра кабыл алгычка керектүү сумманы салыңыз жана төлөңүз.
4. Төлөө жөнүндө чекти алыңыз.
Мындан тышкары, «О!Деньги» капчыгы аркылуу 15 финансы-кредиттик мекеменин кредиттерин комиссиясыз төлөөгө жана «Бакай Банк», «Айыл Банк», «Халык Банк», «Кыргызкоммерцбанк» (эсепти толуктоо) банктарынын, Ислам финансы борборунун карталарын толуктоого болот.
Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар