Акыркы жаңылыктар
«О!Деньги» капчыгынын ээлеринде «Айыл Банк» ААКтын кызматтарынан комиссиясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду!
Эми «Мой О!» тиркемесинен кредитти төгүү, картага акча которуу, «Айыл Банктын» өздүк жана депозитттик эсебин толуктоо толугу менен акысыз.
Смартфондо каржылык ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгү акча операцияларын 24/7 онлайн жүргүзүүгө, убакытты бир кыйла үнөмдөөгө жартам берет жана банктык бөлүмдөргө баруу муктаждыгынан арылтат.
Кызматтардан пайдалануу оңой:
Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.
Жөнөкөй онлайн-идентификациядан өтүңүз.
Каталогдон керектүү сервисти тандаңыз жана электрондук капчыктан, телефондун балансынан же кошулган банктык картадан төлөңүз.
Каражаттар дароо эсепке которулат, ал эми электрондук чек төлөмдөрдүн тарыхында сакталып калат.
Мындан тышкары, банктын кызматтарынан бүт өлкө боюнча жайгашкан О! төлөм терминалдарынын тармагынөн комиссиясыз пайдаланса болот.
Тиркеме тууралуу
«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын жана О! + Saima абонентинин жеке кабинетин бириктирген санариптик экотутум.
«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:
· О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү.
· Капчыктарга жана алты өлкөнүн банктарынын карталарына каражаттарды дароо которуу.
· Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө.
· Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан капчыктагы каражаттарды накталай алуу мүмкүнчүлүгү.
· Терминалдардын кеңири тармагынан капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар