Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору өз кардарларына «Сенин чексиздигиң» популярдуу кызматынын жаңы пайдалуу шарттарын сунуш кылат. Эми жогорку ылдамдыктагы интернетти ошол эле баага 5 эсе көп колдонсо болот. “Сенин чексиздигиң” жаңыланган кызматынын чегинде жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин күнүмдүк көлөмү 500 Мб чейин көбөйтүлдү.
«Кызматтын шарттарын жакшыртууга “Сенин чексиздигиң” кызматын колдонгон абоненттердин каалоосун жана сунуштарын тыкан изилдеп чыгуу түрткү болду. Заманбап шарттар өз талаптарын талап кылууда, ага жараша көпчүлүк колдонуучулар дайыма онлайн болууну каалашат. “Сенин чексиздигиң” кызматын колдонуучулар алдын ала төлөөдөн корголгондугун эске салабыз, себеби суткасына 20 сомдук абоненттик төлөмгө абонент чексиз интернет, ошондой эле О! тармагында акысыз чалууларды жана SMS жөнөтүү мүмкүндүгүн алышат», - деп билдирди компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
“Сенин чексиздигиң” кызматынын натыйжасында О! мобилдик операторунун абоненттери 4G мобилдик интернетти гана колдонбостон, О! тармагында акысыз чалып, SMS жөнөтө алышат.
“Сенин чексиздигиң” кызматын кошуу үчүн сиз *070# буйрутмасын теришиңиз керек. Кызматтын баасы бардык салыктарды эске алуу менен күнүнө 20 сом.
“Сенин чексиздигиң” кызматын кошуу жана башкаруу тууралуу кененирээк компаниянын расмий сайтында www.o.kg жеткиликтүү.

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар