Акыркы жаңылыктар
О! мобилидк оператору өз абоненттерине Россияда интернет-роуминг кызматтарына болуп көрбөгөндөй төмөнкү бааларды сунуш кылат. 14-ноябрдан тартып О! мобилдик операторунун абоненттеринеTELE2 тармагында (Россия) мобилдик интернетти тарифтештирүү үчүн арзан тарифтештирүү жеткиликтүү - 1Мб интернет-трафиктин баасы болгону 1 сом.
«Бүгүнкү күнү Россия - биздин жарандар эң көп бара турган өлкөлөрдүн бири. Биз роумингдеги кызматтардын баасы үйдөгү тармак ичиндеги көнүп калган баалардан өтө көп айырмаланбагандай кылууга аракет кылдык. Эми TELE2 тармагында мобилдик тиркемелерди, мессенджерлерди жана социалдык тармактарды эң пайдалуу шарттарда колдонууга болот», – деп белгиледи О! мобилдик операторунан интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
«Интернет-роуминг» кызматы мобилдик интернетти SIM-картаны алмаштырбастан, Кыргызстандын чегинен тышкары да колдонууга мүмкүндүк берерин эске салабыз. Кызматы кошуу үчүн биздин өлкөдөн чыгып кетерден мурда *997# буйрутмасын терүү жетиштүү. Добуштук роумингди кошуу үчүн - *996# терүү керек.
Тарифтер жана кызматтар жөнүндө кенен маалымат компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билсеңиздер болот.
О! мобилдик оператору – саякаттап жүрсөңүз да байланышта болуңуз!

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! роуминг жана Apple Pay менен саякаттоо дагы ыңгайлуу болуп калды
Бардык жаңылыктар