Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик операторунун техникалык кызматы февраль айындагы жалпы ѳлкѳ аймагында жүргүзүлгѳн тармактын сапатын жакшыртуу иштеринин натыйжалары жѳнүндѳ маалымдайт. Тармактын инфраструктурасы модернизацияланып, сыйымдуулугу жогорулатылды. Иш-аракеттер бир эле учурда тѳртүнчү жана үчүнчү муундагы тармакдѳрдѳ жүргүзүлүп жатат.
Бул абоненттерге сапаттуу добуштук байланыш кызматтары менен жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Биринчи кезекте компаниянын техникалык адистери жабдууну абоненттер тарабынан ар кандай байланыш кызматтары активдүү колдонулгандыктан тармакдѳ эӊ жогорку чекке жеткен жүктѳмдѳр байкалган жерлерде модернизациялоого аракет жумшашат. Ѳткѳн айдын ичинде эле жалпы калкынын саны миллиондон ашкан 188 калктуу пунктта иштер аткарылды.
Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет бизнес, билим берүү, аралыктан медициналык консультацияларды алуу, административдик кызматтардан пайдалануу жана башка кѳптѳгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү берет. Бүгүнкү күндѳ О! Мобилдик операторунан 4G LTE тармагын ишенимдүү кабыл алуу аймагында Кыргызстандын 98%дан ашык тургуну жашайт.
О! Мобилдик операторунун LTE тармагы ири облустук борборлорду гана эмес, мобилдик байланыш олуттуу социалдык мааниге ээ болгон алыскы айылдарды да камтыйт. Камтуу картасы жана О! тармагынын ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар менен www.o.kg сайтынан тааныша аласыӊар.

О! Мобилдик оператору – жаңы муундагы көчмөндөр үчүн технологиялык тандоо

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
Бардык жаңылыктар