Акыркы жаңылыктар
UFC 266 турниринин башкы таймашында аялдардын эң жеңил салмактагы дивизионунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко рейтингдин үчүнчү катарындагы Лорен Мёрфи менен беттешип, өз титулун коргомокчу.
Биздин мекендешибиз Валентина Шевченко Аманда Нуньестен кийин эң күчтүү мушкер-айымдардын бири болуп келе жатат. Анын эң жеңил салмакка өтүшү эле Пулянын ким экендигин көрсөттү. Дал ушул дивизиондо ага татыктуу атаандаш чыкпагандыктан, судьялардын бир добуштук чечими менен стөмдүккө жетишти. Валя бардык беттештерде атаандаштарына бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен таза жеңишке жетишип жатат.
Лорен Мёрфи беш жеңиштен турган сериянын өкүлү. Америкалык мушкердин карьерасындагы эң негизги ийгилиги болуп Джоан Калдервудду судьялардын бөлүнгөн чечими менен элиминатордо жеңген жеңиши болуп саналат. Ошол триумфу аны рейтингде үчүнчү орунга чыгарды жана ошол эле учурда Лоренди Валентина Шевченконун кийинки атаандашы кылып койду.
Валентинанын эсебинде 21 жеңиш жана 3 жеңилүү, Мерфинин эсебинде – 15 жеңиш жана 4 жеңилүү бар.
Таймаш 26-сентябрь күнү саат 08:00дө болот. Беттеш O!TV тиркемесиндегы «UFC ТВ» каналында түз алып көрсөтүлөт.
*750*3# буйрутмасы менен болгону 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуп алыңыз да, O!TV тиркемесин каалаган түзүлүштөн – смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же Smart TV функциясы бар Sony, Phillips, Samsung телевизорлордон көрүңүз. Кененирээк маалымат otv.kg сайтында.
O!TV тиркемесин иштет – биздикилерге күйөрман бол!

О! роуминг жана Apple Pay менен саякаттоо дагы ыңгайлуу болуп калды

O!Store'до белектер: Xiaomi жана POCO смартфондоруна кулакчындар

О! Мобилдик оператору балансты кешбэк менен автотолуктоону ишке киргизди
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү
Бардык жаңылыктар