Акыркы жаңылыктар

Шылуундардан сак болуңуздар ⛔️
О! Мобилдик оператору абоненттерди сак болууга чакырат. Алдамчылар уюлдук компаниялардын кызматкерлери болуп таанышып, жарандардын ишенимине кирүүнү улантууда.
❗ Эсиңизде болсун: SIM-карта МӨӨНӨТСҮЗ иштейт.
Шылуундардын негизги шылтоосу – ойдон чыгарылган «SIM-картанын жарактуулук мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы» же «номерди өчүрүү» коркунучу.
О! расмий түрдө билдирет: сиздин SIM-картаңыздын жарактуулук мөөнөтү жок. Ага чалгандардын көрсөтмөсү боюнча мөөнөтүн узартуу же «кайра каттатуунун» кереги жок.
Шылуундар кантип иштейт:
• Белгисиз номерлерден же WhatsApp аркылуу чалып, «оператордун атынан» логотиптерди жана кол тамгаларды коюшат;
• Ишенимге кирүү үчүн атыңыз менен кайрылышат;
• Бөгөттөп коёбуз деп коркутуп, «азыр кодду айтыңыз, болбосо номерди өчүрөбүз» деп шаштырышат. Бул 100% алдамчылык.
Алардын максаты – SMS аркылуу келген тастыктоо кодун алдап алып, сиздин банктык эсептериңизге жана жеке кабинеттериңизге кирүү, сиз жөнүндө жеке маалыматтарды алуу.
Эсиңизде болсун:
• О! кызматкерлери SIM-картанын колдонуу мөөнөтү тууралуу суроолор менен эч качан чалышпайт;
• «номерди узартууну» сунушташпайт;
• SMSтен келген сыр сөздөрдү жана коддорду сурашпайт.
Ушундай чалуулар болгондо – дароо сүйлөшүүнү токтотуңуз. Бул тууралуу жакындарыңызга жана улгайган туугандарыңызга эскертиңиз – алар көбүнчө алдамчылардын курмандыгы болуп калышат.
Маалыматты О! компаниясынын расмий каналдары аркылуу (түнү-күнү) текшерсеңиз болот:
Telegram: https://t.me/+996700000999
WhatsApp: https://wa.me/996700000999
www.o.kg сайтындагы онлайн-чат
9999 – КР бардык операторлору үчүн акысыз номер.
КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы лицензиялары: № 16-0062-КР, 16-0063-КР. Толук маалымат: o.kg

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз

O!Store’до Эгемендүүлүк күнүнө карата арзандатуулар жана башка акциялар – кош келиңиздер!
.png)
O!Store жана O! кеңселеринин майрам күндөрүндөгү иш графиги

О! Мобилдик оператору – жаңы муундагы көчмөндөр үчүн технологиялык тандоо
Бардык жаңылыктар