Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору дүйнөлүк окуяга – 2017-жылдын Кара жумасына кошулуп жатат. Ал жакында, 24-ноябрь күнү бардык O!Store фирмалык дүкөндөрүндө өтөт.
Бүт Кыргызстан боюнча O!Store дүкөндөрүнүн кардарлары бул күнү ишенимдүү жана саркеч O!Phone 4G смартфонун болгону 1990 сомго сатып ала алышат. Оригиналдуу Android платформасында иштеген, төрт ядролуу процессору бар, Skype, WhatsApp жана Viber, Instagram, Facebook же Одноклассники сыяктуу сүйүктүү тиркемелер менен толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген смартфон үчүн бул укмуштуудай арзандатуу. Аны менен фото, видео тартууга, сүйүктүү оюндарды ойноого же музыка угууга болот. O!Phone 4G смартфону сиздин бардык мультимедиа файлдарыңызды кол алдында кармоого мүмкүнчүлүк берген 32 ГБ чейин эстутум картасына ээ. Бул – баскычтуу телефонун көптөн бери алмаштыргысы келгендер үчүн мыкты вариант.
Арзандатылган баа менен смартфон сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен катар, O!Store дүкөндөрүндө сизге смартфондордун моделдик катарын көрсөтүп, сизге туура келгенин тандоого жардам беришет. Ошол эле жерде пайдалуу тарифке кошулуп, кооз номерди тандап жана аппаратыңыздын интернетке чыгышын ырастап аласыз. Ошондой эле азыр жүрүп жаткан акциялар тууралуу да маалымат беришет. O!Store дүкөндөрүндөгү Кара жума 1 гана күн болот. Жылдын ири сатып түгөтүүсү 24-ноябрь күнү таң эрте башталып, күн бою уланат.
Кара жума (Black Friday) – бул ноябрь айынын аягында дүйнө жүзүндөгү бардык дүкөндөрдө жыл сайын өтүүчү сатып түгөтүү күнү. Эреже катары, кардарларга бул күнү түрдүү товарлар үчүн эбегейсиз чоң арзандатуулар сунушталат.
Смартфон керекпи – O!Store дүкөнүнө кел.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар