Акыркы жаңылыктар
«О!Үй-бүлө» жана «О!Үй-бүлө Регион» тарифтеринин үй-бүлөлүк топтому жаңы демге ээ болду.
«Кыргызстанда үй-бүлө жана анын баалуулуктары жогорку орунда турат, ошондуктан биз кыргызстандыктар тарабынан бул багыттагы эң көп талап кылынуучу өнүмдөрдү өнүктүрүүнү улантып келебиз. Биз тарифтерди жакшыртууну чечтик жана O! Safe Kids кызматы менен АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүнчүлүгүн коштук. Бул тиркеме балдарыңыздын көзүнө камкордук көрүү менен, бүгүнкү күндө интернетте оңой эле табыла турган коркунучтуу жана чоңдорго арналган контенттен коргойт», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
⠀
4 SIM-карта ар бир комплектке сүйүү жана камкордук менен оролгон. Ар бир симкада:
• күн менен түнгө бөлүнбөстөн максималдуу ылдамдыктагы 40 ГИГАБАЙТтан мобилдик интернет;
• О! тармагында акысыз чалуулар жана SMS;
• Башкы номерде O! Safe Kids кызматын акысыз кошуп алуу мүмкүнчүлүгү
Сиз болгону үй-бүлөңүздөгү башкы номерди аныкташыңыз керек, анын балансынан бүт үй-бүлөнүн тарифи төлөнүп турат. Бүт комплект үчүн абоненттик төлөм – болгону 990 сомду түзөт, ал айына бир гана бир гана жолу башкы SIM-картадан алынат. Эгерде сиз О! абоненти болсоңуз, «О!Үй-бүлө» комплектисин сатып алганыңызда, комплектидеги SIM-карталарды өзүңүздүн колдонуп жаткан номерлериңизге акысыз алмаштырып алсаңыз болот.
Сиздин үй-бүлөңүз чоңбу? Сиз чоң эне менен чоң атаны кошуу менен тобуңузду 6 номерге чейин кеңейте аласыз. Толук маалымат бул жерде: semya.o.kg
⠀
Акысыз байланыш + Үйдөгү интернет керекпи?
«Бирге арзан» тарифтик сунушун кошуп алыңыз. Акысыз байланыш менен мобилдик интернетке кошумча катары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн смартфонунда үйүңүздө роутердеги жогорку ылдамдыктагы чексиз үйдөгү интернет болот. Толук маалымат бул жерде:arrow_right: vmeste.o.kg.
Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнүнөн комплектини сатып алып, «О!Үй-бүлө» тарифин кошуп алса болот. Тарифти бшкаруу буйрутмалары, кошумча номерлерди кошуу эрежелери жана «О!Үй-бүлө» тарифи тууралуу башка толук маалымат www.o.kg сайтында жана төмөнкү номерлерде:
• 966 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз)
• 0500 000 966 (башка байланыш операторлорунун абоненттери үчүн).
Үй-бүлөлүк тарифтер бириктирет.

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар