Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин мурункудан да функционалдуу, ыӊгайлуу жана пайдалуу кылуу менен, анын мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүүнү улантат.
Мындан ары тиркеменин колдонуучулары «Оптима Банктын» карталарын тез жана ыӊгайлуу гана эмес, акысыз дагы толуктай алышат! «О!Деньги» капчыгы жана бардык О! тѳлѳм терминалдары аркылуу акча которууда комиссия нѳлгѳ түшүрүлдү.
Үйдѳн чыкпай туруп кызматты пайдалануу үчүн «Мой О!» орнотуп, онлайн-идентификациядан ѳтүү жана каталогдон керектүү сервисти тандап алуу жетиштүү.
Которулган каражаттар дароо түшѳт, ал эми электрондук чек тѳлѳмдѳрдүн тарыхчасында сакталып калат.
Ушундай эле бир нече клик менен «О!Деньги» аркылуу алты ѳлкѳнүн капчыктары менен карталарына акча каражаттарын которуу мүмкүн.
Тиркеме жөнүндө
«Мой О!» тиркемеси бул – О! абонентинин жеке кабинетин + Saima жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экосистема. Тиркеменин 2 000 000 дон ашуун орнотмолору бар жана маркетплейстерде туруктуу түрдө жогору бааланат.
«Мой О!» тѳмѳнкүдѳй мүмкүнчүлүктѳрдү берет:
+ О! номерин башкаруу жана жакындардын балансы жѳнүндѳ кам кѳрүү.
+ Капчыктарга жана карталарга каражаттарды ылдам которуу.
+ Телефондун, электрондук капчыктын же байланган картанын балансынан 1000ден ашуун сервистерди аралыктан төлөө.
+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан – бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдарынан – капчыктагы каражаттарды накталатуу.
+ Капчыкты ири терминалдык тармактан комиссиясыз толуктоо.
Шилтеме боюнча кѳчүрүп алыӊыз: Google Play же App Store.
«О!Деньги» сервиси ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар